Menu

Президент Назарбаев кинопродюсер Алия Назарбаевага Казакстан мамлекеттик сыйлыгын ыйгарды

Бөлүшүү:

“Апага алпара турган жол” кинодрамасынын продюсери, Казакстан президентинин кенже кызы Алия Назарбаева мамлекеттик сыйлыкка татыды.

Адабият жана өнөр тармагында эмгектенгендерге мамлекеттик сыйлык ыйгаруу боюнча жарлыкка Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон. 2018-жылдагы сыйлык ээлеринин ысымы Акордонун сайтында жарыяланды. Алардын арасына кинодраманын сценарийинин автору Тимур Жаксылыков, актриса Алтынай Ногербек жана актер Адил Ахметов да бар.

Тасма Казакстанда, Беларуста жана Азербайжанда тартылган.

Фильмде көп жылдардан бери көрүшө элек эне менен баланын кайра бирге болууга умтулуусу негизги орунда турат. Окуя коллективдештирүү, жут, сталиндик репрессиялар, Экинчи дүйнөлүк согуш, тылдагы жана сталиндик лагерлердеги оор турмуш өңдүү белгилүү тарыхый окуялардын фонунда болот.

2017-жылы сентябрда америкалык Holywood Reporter журналында “Оскарлар: Казакстан “Апага алпарчу жол” тасмасын чет тилдер категориясында көрсөттү” деген макала чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: