Өкмөт башчы Сапар Исаков Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болушкан бир катар адамдарга аталган сыйлыкты тапшырды. Бул ирет бул абройлуу сыйлыкка “Курманжан датка” тарыхый тасмасын жараткандар: режиссёр Садык Шернияз, сценарийин жазгандардын бири Бакыт Турдубаев, оператор Алиев Мурат, башкы каармандар Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы татышты.
Андан тышкары, балдар акыны Каныбек Жунушевге “Күнчубак” деген китеби үчүн, сүрөтчү Огобаев Талантка “Космос любви” деген эмгеги үчүн да бул сыйлык берилди.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ