Кээ бир адамдар кызык да. Кызматта турушса укмуштай көпүрүлө жүрүшөт, анан кичине ээрден көчүк жылмышса эле, өзгөрүлгөнү байкалып калат. Маселен, Асылбек Жээнбеков спикерликтен кеткени таптакыр эле көчөдө калган жок да, депутаттык мандатын сактап, Жогорку Кеңеште отурат. Бирок, эл өкүлү катары ишмердигин көрсөтө албай, өзүнчө ээндеп калганы байкалды.
А баягы Акүйдөн жеке өзү үчүн төрт бөлмөлүү кабинетти ала албай калып (журналисттер ызы-чуу көтөргөндөн кийин), саал маанайы түшүп калган го? Же агасы Сооронбай Жээнбековдон оомат тайса, эстафета оюнун кайрадан көргөзүүгө, балким президенттик шайлоого чыгууга белсенип аткандыр. Али бир жыл убакыт бар, өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ