Menu

Туйгуналы Абдраимовду өзүнүн бир кездеги шоопуру Икрамжан Илмиянов кантип чаап салды

Бөлүшүү:

Бир кезде, 1998-2000-жылдары Туйгуналы Абдраимов  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) генералдык директору болуп иштеп турганда анын шыпылдаган кичипейил Икрамжан Илмиянов деген шоопуру болор эле.  Бир күнү  бир жагынан бизнесмен, бир жагынан депутат досу Алмаз Атамбаев  “мага мени эч жерге таштап кетпеген, жакшы, ишенимдүү шоопур керек эле” дегенинен досун аяп, өз шоопурун бере салат. Ошондон тарта кичипейил Илмиянов Атамбаевдин шоопуру болуп калат.

2006-жылы ноябрда президент Курманбек Бакиевге каршы чыккан митингдерде оппозициянын бир өкүлү болгон Алмаз Атамбаев Бакиев менен премьер-министрлик кызматты сүйлөшүп алып, оппозицияны ичинен ыдыратып,  митингди таркатууга жардам берет. Бирок, митинг таркагандан кийин Атамбаев менен Бакиев айрым бир шарттар боюнча тил табышбай, Куловду премьерликтен кетирише албай Атамбаевди кызматка дайындоо процесси эки айга  узарып кетет.  Куловду кетиришкенден кийин Атамбаев тилге келгенче деп  Бакиев премьер-министрлик кызматка Атамбаевдин айылдаш досу  Азимбек Исабековду 2007-жылдын 29-январынан 29-мартына чейин эки айга убактылуу премьер-министр кылып дайындап турат.

2007-жылдын 30-март күнү президент Курманбек Бакиев  Алмаз Атамбаевди  премьер-министр кызматына бекитет. Ал эми Алмаз Атамбаев досу Туйгуналы Абдраимовду Саламаттыкты сактоо министри кылып өкмөткө ала келет.

2007-жылы 19-апрелде Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында  президент Курманбек Бакиевдин саясатына каршы митинг  кызып турганда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жаныш Бакиев, Элмурза Сатыбалдиев,  Мурат Суталиновдор менен “чайлашып” олтурган Алмаз Атамбаев алар менен мелдеше кетет да түз эле “Ала-Тоо” аянтына келип, президент Курманбек Бакиевге каршы митингге чыккан жана  күч менен таркатылып жаткан кыргыздарды “Барандар!”  деп тилдейт.  Ал эми “Курманбек Бакиев кетсин!”  деген лозунгдун алдында митинг уюштурган Феликс Куловду  “Козёл” деп атайт. Бул окуянын видеотасмасы КТРдан көрсөтүлүп, алигиче  Ютубда ойноп жүрөт.

Ошол эле 2007-жылдын  28-ноябрында президент Курманбек Бакиев премьер-министр Алмаз Атамбаевге “Данакер” орденин тагып, отставкага айдайт. Атамбаев менен кошо досу, Саламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимов да отставкага кетет.  Андан кийин Алмаз Атамбаев Бакиевден Бишкек шаарынын мэри кызматын сурап көпкө кызматсыз жүрүп калат. Ал эми Туйгуналы Абдраимов Бакиевдер менен тил табышып, 6 айдан кийин Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалат.  Ушундан баштап достор Атамбаев менен Абдраимовдун “арасын ала мышык аттап”, мамилелери бузулат. Аны менен акылдашпай Бакиевдер менен тил табышып кеткени үчүн Атамбаев досу Абдраимовду кектей баштайт.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда  мамлекеттик төңкөрүш ишке ашат да Алмаз Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп калат. Ал эми Ирамжан Илмиянов анын жардамчысы болуп биринчи жолу мамлекеттик кызматка алынат.

2010-жылдын 14-апрелинде Туйгуналы Абдраимов Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Въетнамдагы элчилик кызматынан бошотулуп, жумушсуз калат. Атамбаев эски досун кектеп , такыр жанына жолотпой коёт.

2010-жылдын 17-декабрында Алмаз Атамбаев  “Ата-Журт”, “Республика” жана КСДП фракциялары бириккен башкаруучу коалициянын  келишиминин негизинде КР премьер-министри болуп шайланат.  Икрамжан Илмиянов КР премьер-министринин жардамчысы болуп дайындалат.

2011-жылы мартта парламенттеги системдүү оппозиция “Ата-Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары менен көчө оппозициясы биригип, башкаруучу коалицияны бузуу жана жаңы башкаруучу коалиция түзүү аракетин баштайт.  Мындай чогулуштардын бири Феликс Куловдун офисинде өтүп,  системдүү эмес оппозицияга кирген Туйгуналы Абдраимов менен парламенттик оппозициянын өкүлү Өмүрбек Текебаев экөөсү  тиреше кетет да ошол жердеги оппозиционерлер Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Дүйшөн Чотонов жана башка 15тей кишинин көзүнчө Туйгуналы Абдраимов  “Мен проффесионал врач катары расмий билдирем, Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Алардын бири – Алмаз Атамбаев, экинчиси – Өмүрбек Текебаев!” деп жарыялайт.  Бул сөздү албетте Атамбаевге жеткирип барышат.  Кектешүү андан ары курчуйт.

Ошол эле 2011-жылдын июнь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңылап кайра шайлоо  учуру келип,   Жогорку Кеңеш менен убактылуу президенттин аппараты дүрбөп калат.  Ал кезде парламент азыркыдай Атамбаевдин чөнтөк парламенти боло элек, салыштырмалуу көз карандысыз болучу. Оппозициялык фракциялар “Ар-Намыс” менен “Ата-Мекен” колдорунун келишинче БШКга көз карандысыз, оппозициялык көз караштагы инсандарды киргизүүгө аракет кылышат.  Туйгуналы Абдраимов “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун жанынан чыкпай БШКнын мүчөлүгүнө кирүүгө, андан БШКнын төрагалыгына жетүүгө жанталашат.  “Мени шайлап койсоңор элеби, тиги шизофрениктин сазайын колуна берет элем” деген убадалар жаайт. Оппозициялык көз караштагы депутаттар,  алтургай системсиз оппозиция өкүлдөрү Өмүрбек Суваналиев, ыраматылык Мелис Эшимкановдор баш болуп парламенттеги көпчүлүк коалициянын жана азчылыктын көз карандысыз депутаттары менен тынбай иштешип, “Туйгуналы Абдраимовду БШКга төрага кылып шайласаңар шайлоолор калыс, таза өтө баштайт. Анткени ал бийликке тартпайт. Атамбаев менен мамилеси ит-мышыктай” деген аргументтер менен ишендиришип, акыры максаттарына жетишет. Туйгуналы Абдраимов БШКнын төрагасы болуп шайланат.

Туйгуналы Абдыраимовго кыр көрсөтүп, аны бийликтин эч бир бутагына жакындатпай жаткан Алмаз Атамбаев ал кезде али күчтөнө элек премьер-министр кызматында эле. Анын үстүнө күзүндө президенттик шайлоого камданып жаткан. Ошондуктан Абдраимов менен же кайрадан достошуш керек болучу же аны кызматтан кетирүү аракетин жасаш керек эле.  Шайлатпай коюу аракети ишке ашпагандан кийин эми кызматтан кетирүү аракети андан да кыйын болорун сезген Атамбаев дароо Туйгуналы Абдраимовду чайга чакырып, жарашуу аракетин көрөт. Анын тилегине жараша Абдраимов да араң эле турганбы, дароо макул болуп, бийлик тарапты ыктап, ага чуркаган оппозицияны жээрип кетет.  Бийликтин колдоосу менен жаңы кызматтык “Лендкрузер” джип машинасын сатып алат.  Бир нече тууган-достору мамлекеттик кызматка келет. Ошентип оппозиция тилин тишине катып олтуруп калат.

2011-жылдын 30-октябрында Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун компьютерлеринин жана регионалист-трайбалисттердин жардамы менен Алмаз Атамбаев президент болуп шайланат.  Икрамжан Илмиянов КР президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына көтөрүлөт.  Бул трионун ташы өйдө кулай баштайт.

2012-жылы 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешке  шайлоодо Туйгуналы Абдраимов аны Атамбаев кызматка жолотпой куугунтуктап жүргөндө БШКга алып келишкен “Ар-Намыс” партиясына, анын лидерлери Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге каршы иштеп,  шефинин буйрутмасы менен шаардык кеңешке өткөрбөй коёт.  Икрамжан Илмиянов КР президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына көтөрүлөт.

2015-жылы октябрда КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына депутаттарды шайлоодо да  Абдраимов Атамбаевдик схема менен иштеп, андан бата алган партияларды гана Атамбаев суранган пайыз менен өткөрүп, “Бүтүн Кыргызстан” партиясын өткөрбөй коёт.  Айрым участокторду кайра саноо убадасын аткарбайт. Бирок,  “Абдраимов  шайлоодо СДПК менен “Ата-Мекен” партияларынан башка өткөн партиялардын баарынан чоң акча алды” деген элек кеп  эл арасында таркап, Атамбаевге чейин жетет.

2016-жылы  июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын 5 жылдык мөөнөтү бүтөт.  Атамбаев менен мамилемди оңдодум, эми кызматымда кала берем деген  ишенимге терең кирип алган Абдраимов кайрадан БШКнын төрагалыгына шайланарына кыпындай да шеги жок болучу. Кайра шайлоо алдында Туйгуналы Абдраимов өзүнүн  талапкердигин СДПК көрсөтөт деп үмүт кылса,  алар башка Адилет Сатыгулов дегенди алып чыгышат.  Жердеши Канат Исаев “Кыргызстан” фракциясынан Абдраимовду алып чыгууга камданып калганда президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Исаевди чакырып тыйып коёт. Анын ордуна  Акылбек Эшимовду алып чыгасыңар деп “ынандырат”. Президент өз квотасынан орун береби деп акырына чейин үмүттөнөт, бирок андай да болбойт.  Атамбаевге кирейин десе Илмиянов баштаган билермандар киргизишпейт. Ошентип Туйгуналы Абдраимовду өзүнүн эле бир кездеги шоопуру чаап салат деп ким ойлоптур.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: