Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Түркия Диянет фондунун жетекчисинин орун басары, Түркиянын элчисинин дин иштери боюнча жетекчиси Мустафа Шанвер Мустафа Шанвер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын зыярат кылышып, Абдышүкүр Исмаилов, Дүйшөн Абдылдаев, Садык Гавай жана Садибакас Дооловдор тарабынан даярдалган ыйык Куран китебинин кыргызча котормосун белек кылышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чарага Муфтияттын эмгек жамааты катышып, Алла Тааланын ыйык китебин басып чыгарып, аны коомчулукка тараттуу эбегейсиз соопту иштерден экендигин айтышып, өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Ал эми Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал ыйык Куран китебинин кыргызча котормосунан 10 миң даана басылгандыгын айтып, бул китептер акысыз таратылгандыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ