Menu

Трамптын кеңешчиси Орусиянын аракетине каршы турууга чакырууда

Бөлүшүү:

Акүйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер батыш өлкөлөрү Орусиянын “туруксуздаштыруучу аракетине” каршы турушу керек деп эсептейт. Анын айтымында, Москва эркин жана ачык коомго бүлүк салуу үчүн “абдан татаал кампания” жүргүзүүдө.

Макмастер 19-декабрда Би-Би-Сиге берген маегинде былтыр Орусиянын АКШдагы шайлоого ыктымал кийлигишүүсү улуттук коопсуздукка коркунуч жаратты деп билдирди.

Герберт Макмастердин пикиринде, 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы тушунда Орусия АКШдагы саясий ландшафтын эки тарабында тең болууну көздөгөн. Москва курчуган абалды жаратуу үчүн оңчул жана солчул күчтөрдү дагы колдошу ыктымал.

Кошмо Штаттардын 18-декабрда жарыялаган улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия менен Кытай АКШнын кызыкчылыгы менен кудуретине чакырык таштаган “атаандаш державалар” катары көрсөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: