Menu

Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунда Кулматовдун бөгөт чарасы каралган учурда белгилүү болду. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») негизинде 14-июнда козголгон. УКМК бул маалыматты ырастап, толугураак маалымат берилерин билдирди.

Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев жаңы ачылган кылмыш иши тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгө чарасын карап, аны 28-июнга чейин камакта калтыруу жөнүндө райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кулматов «2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар» деп 5-июнда камакка алынган.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес экенин айтып келатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: