Menu

Ошто коронавирустан дарыланып жаткан 34 жаштагы аял обсервациянын 3-кабатынан боюн таштап, жеринен каза болгон

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы ооруканада коронавирус менен ооруп жаткан 34 жаштагы аял обсервация имаратынын 3-кабатынан боюн таштады. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Маалыматтарга ылайык, окуя кечээ, 1-июлда болжол менен саат 23:30да Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында болгон. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.

Азыр милиция жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери иштин бардык жагдайларын иликтеп жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 34 жаштагы аял жакында эле көз жарган. Андан кийин ал келинден COVID-19 табылган. Келиндин ымыркайы апасында болуп, өзү болсо Ош шаардык ооруканасынын эски имаратында дарыланып жаткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: