Башкы прокурор болуп турганда далай коррупционердин үшүн алган Аида Салянованын азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ишине ичи чыкпай турганын Азаттыктын” 2+1 форматындагы суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Аида айым бул туурасында: «Иш солгундап токтоп калды. Көп суроо жарата турган, коркутуп-үркүтүүлөр менен байланышкан фактылар бар. Ушулар боюнча иш токтоп калды. Камакта жатышкан Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков боюнча далилдер жетиштүүбү же жетишсизби билүүгө мүмкүнчүлүк жок. Нарынбаевди далил катары кармап жаткан айып суу кечпей калды. Башкы прокурор мен Лондондо жүргөндө шашылыш отчетун берди» – деп айтып, Индира айым ишти тарта албай жатканын кыйытты..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ