Menu

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду

Бөлүшүү:

Сүйүнчү, кыргыз журтум, спорт күйөрмандары! Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кубанычтуу кабарды баяндап турган, маанайым жаркып турган учуру. 20-сентябрда Кыргыз спортунда күрөш боюнча эгемен өлкө болгону атактуу балбан Айсулуу Тыныбекова кызыбыз алгачкы ирет дүйнө чемпиону болуп, алтын медаль тагынып, анын жеңишинин урматына обого Кыргыз туусу көтөрүлүп, кыргыз Гимни жаңырганы турат. Эр жигиттер жетпеген спорттук бийиктикке Айсулуу жетип, Нур-Султан шаарында жылдызы жанды.

Бүгүн 20-сентябрда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18.00дө финалдык беттешүүлөр башталып, Кыргыз спортунун сыймыгы, 2017-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Айсулуу Тыныбекова саат 18.30да финалда 2018- жылы Будапеште дүйнө чемпиону болгон, дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш жана коло байге ээси, Европанын эки жолку чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү , 28 жаштагы болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен алтын медаль үчүн күч сынашып, аны 5:3 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону аталып, кыргыздын намысын бийик көтөрүп, алтын медалдын ээси болду. Ошентип болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин былтыркы дүйнө чемпиону деген наамын Айсулууга алдырып койду.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан атактуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова кечээ, 19-сентябрда кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында төрт ирет килемге чыгып, дүйнөнүн мен мыкты деген төрт балбан кызын удаасы менен жеңип, финалга чыккан эле.

Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, алгач 1/16 финалда мексикалык Алехсандра Ромеро Боннильяны 8:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. 1/8 финалда дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, 22 жаштагы жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда эрте жеңишке жетти. 2018-жылы Азия чемпионатынын финалында дагы жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, анда дагы Айсулуу жеңишке жетишкен эле.

Чейрек финалда 2014-жылкы дүйнө чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү, 29 жаштагы тажрыйбалуу украиналык балбан Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип, жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына да жолдомо алды. Быйыл жазында Болгарияда өткөн элл аралык турнирде украиналык балбан Юлия Ткач Остапчук жарым финалда Айсулууну 11:10 эсебинде утуп алган. Эми болсо Айсулуудан жеңилүү ызасын тартып калды.

Ал эми жарым финалда түндүк кореялык Йонг Сим Римди 7:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, мыкты даярдыгын, жогорку чеберчилигин көрсөтүү менен кыргыз күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Жарым финалдык беттештин биринчи айлампасында Айсулуу беш упай менен алдыга чыкты. Экинчи айлампада дагы эки упайга ээ болуп, жеңишин бекемдеп, Нур-Султандагы дүйнө чемпионатында төрт атаандашын дең артыкчылык менен утуп, баш байгеге талапкер болду. Түндүк кореялык Йонг Сим Рим менен 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында дагы беттешип, анда дагы Айсулуу жеңишке жетишкен. Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышып, коло медаль үчүн таймашууда саналуу секунддарда индиялык атаандашына алдырып коюп, 5-орунга илинген.

Эми оңдой берди болуп, 2020-жылы Токио олимпиадасында Айсулуунун жылдызы жанып, олимпиада чемпиону болсо деген тилектебиз. Айсулуунун бул жеңишке жетүүсүнө Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Нурбек Изабековдун салымы тоодой!!!

Азаматсың Айсулуу! Кыргызды дүйнөгө таанытып, намыска жарай бер!!!

Нур-Султан шаарындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 22-сентябрда жыйынтыкталат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: