Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Германияга барат. Ал апрель айынын ортосуна пландалган. Бул тууралуу журналисттерге ТИМдин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев билдирди.
Анын айтымында, азырынча так дата аныктала элек. Бирок президенттин иш сапары жакынкы убакка белгиленген. Сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркель менен эки тарапттык сүйлөшүүлөрдү алып барып, андан сырткары ФГР президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жоолугаары айтылууда.
Ошондой эле өлкө башчы Бавариянын борбору Мюнхен шаарындагы бизнес-форумга катышып, мекендештерибиз менен кезигет.
Апрель айынын аягында Сооронбай Жээнбеков жумушчу иш сапары менен Кытайдын борбору Бээжинге барат. Анда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жоолугушуу пландалган. Андан сырткары, президент «Бир алкак, бир жол» экинчи форумунун ачылышына катышат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ