Menu

Элмира Кылычбаева, КУУнун журналистика кафедрасынын мугалими: “Жылдыз Мусабекова өзүнүн оюн коомго так, туура жеткире албагандан кийин андай ойду айтпай деле койсо болмок”

Бөлүшүү:

Мугалимдик кесип – эң байыркы кесип. Байыркы доордо адамдар уруунун эң картаң адамынын алдына барып, андан тамак тапканды, кийим тиккенди, коркунуч туулганда бири-бирине белги берүүнү үйрөнүшкөн. Ошондон бери бул ардактуу кесип жашап келет. Түйшүгүнө карабай мугалимдер кесиптин ырахатын эч нерсеге алмаштырбайт. Жыл сайын мугалим үчүн жашоонун жаңы булагы ачылат. Мектепке, жогорку окуу жайларга кадам таштап кирип келген ар бир баланын кадамы аларга айтып бүткүс кубаныч тартуулайт. Ыйык инсан, ардактуу кесиптин ээси бул – мугалим. Эчен залкар адамдар, өлкө башкарган президенттер да бир кезде мугалимдин окуучусу болгонун, алар берген билимдин үрөнү менен бийликке жеткенин тана албаспыз. Бирок мугалимдерге көптөгөн сын-пикир айтылып келет, жадакалса ЖКтин депутат айымы да айрым мугалимдерди саанчыларга, чабандарга окшоштурду. Айтылган сын-пикирлерге КУУнин журналистика кафедрасынын мугалими Элмира Кылычбаева жооп берди.

-Азыр коомчулук тарабынан мугалимдерге карата бир топ сындар айтылууда. “Коррупциялашып кетти, билим деңгээли төмөн» деген сыяктуу. Чын эле ушундай абалга жетип калыштыбы мугалимдер?

-Бул суроолорго бир жактуу жооп берүү менимче туура болбой калат. “Керкисинде да, кемигинде да бар” дегендей, коомго жараша мугалимдер да, окуучулар да өзгөрүп бараткандай. Өзгөрүү тилекке каршы, жакшы жагына эмес. Мугалимдин коомдогу орду, статусу чындыгында төмөндөп бара жатат. Буга кандайдыр бир деңгээлде бардыгыбыздын күнөөбүз бар болсо керек. Азыр биз милдетибизден биринчи укугубузду коргоп киребиз. Балдарына кошулуп, ата-энеси “менин балама катуу кыйкырганга кандай укугуң бар”- деп мугалимди сотко берип отурса, мугалимде кайсы аброй калат? Бул жерде айрым ата-энелердин да күнөөсү бар деп ойлойм. Ошол эле учурда өзүнүн статусунан кыянаттык менен пайдаланган мугалимдер да жок эмес. Мына ушундай мамилелерден улам, кайдыгерлик келип чыкса керек. Окусаң оку, окубасаң өзүң бил деген. Совет мезгилинде деле мугалимдер окуучуларга кыйкырган, кол көтөргөн учурлар болгон. Би­рок ал кезде коом аны туура кабыл алчу. Мугалим окуучуну окусун, адам болсун деп жаны ачыгандан балким ошондой кадамга барса керек. Эгерде мамлекет башынан коррупцияга малынып отурса, жалгыз мугалимдерди коррупциялашып кетти деп кунөөлөө туура эмес деп ойлойм.

-Окуучулар, студенттер өзгөрдүбү же мугалимдерби?

-Kooм өзгөрдү, коомду түзгөн жарандар өзгөрдү. Адамдардын дүйнө таанымы, кызыкчылыгы өзгөрдү. Анын ичинде окуучулар да, муга­лимдер да өзгөрдү. Буга кимди күнөөлөрүңдү билбейсиң. Балким, бирдиктүү мамлекеттик идеологиянын жоктугубу, же акча табуунун аракетинде жүрүп балдарына татыктуу тарбия бере албаган ата-энеби, же социалдык тармактар менен жашап калган окуучубу?

-ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова мугалим­дерди чабанга, саанчыга салыштырды. Буга кошуласызбы?

-Депутат Ж. Мусабекованын мугалимдер жөнүндө ой-пикири коомчулукта кызуу талкууга алынып баштаганда, мен анын пикирин кайра-кайра окуп чыгып, түшүнүүгө аракет кылдым. Бирок, өзүнүн оюн коомго так, туура жеткире албагандан кийин андай ойду айтпай деле койсо болмок, бул биринчиден. Экинчиден, бирөөгө сын айтаардан мурда адам өзүнө бир сереп салып алганы дурус го. Мен ошон­дой сын айтууга өзүм татыктуумунбу деп. Арийне, “бир кумалак, бир карын майды чиритет” дегендей, болсо керек өз кесибинин мыкты адиси боло албаган мугалимдер. Бирок, ал бардык мугалимдердин аброюн тебелеп, кемсинтүүгө өбөлгө болбош керек. Ошол эле учурда мугалим түйшүктүү кесипти аркалаган, өзүнүн кесибин жан дили менен сүйгөн, берилип иштеген мугалимдердин эмгегин чийип салбашыбыз керек го дейм.

Нуркыз Бакасова

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: