Menu

Кылычбек Султанов: “Сопоковдун коопсуздугуна кепилдик болбосо, тергөө менен  кызматташпайт”

Бөлүшүү:

“Супер-инфо” гезитинин “мурдагы” кожоюну, Түштүк Кореядагы экс-элчи Кылыч Султанов Ыстамбулдагы КР консулу Эркин Сопоков жогорку кызматтардагы кишилеррге каршы көрсөтмө беришине шектенди.

“Азыр коррупция жөнүндө айтуу кооптуу болуп калды, киши өлтүрүүнү айтпай эле коелу. Кашкайган чындыкты айткандар мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынууда. Ошондуктан, Сопоков өмүрүнүн кепилдигин алмайынча, болгон чындыкты айтып бербейт”, – дейт.

Экс-элчи карап тургандай эле өлгөн Айэркен Саймаити Түркиядагы башкы консулдун автоунаасын 10 миң долларга ижарага алганын айта салды.

“Консул киши өлтүрүүгө катыштыгы барбы, аны айталбайм. Бардыгы болушу мүмкүн. Ал эми дипломаттык номурду ижарага берүү – кызматтан алынуу үчүн жүйөөлүү себеп”, – деди экс-элчи.

Канча күн мурда Кылычбек Султан өзүнүн Facebook баракчасына “Эгерде Сооронбай Жээнбеков Ыстамбулдагы экс-консул Эркин Сопоковду мамлекеттик кайтарууга албаса, чыныгы кылмышкерлер жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн экендигин жазган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: