Menu

Гүлбара Оморова, альпинист: Тоолор ар кимге эле кучагын жая бербейт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда альпинист кыздар саналуу гана. Алардын бири — жаш изилдөөчү Гулбара Оморова. Чындыгында каарманым менен маектешүү менде толгон-токой эмоцияларды жана суктанууну жаратты. Гүлбара алгач көргөндө назик көрүнгөнү менен эр жүрөк, беттегенин бербеген мүнөзү ичинде катылып жатыптыр. Аны менен сүйлөшө келгенде тоолорго, альпинизмге болгон чексиз сүйүүсү жана жаратылыш менен гармонияда жашаганы даана байкалып турат.

-Сиздин сүрөттөрүңүздү социалдык тармактардан көрүп суктандым. Альпинизмге кызыгууңузга эмне себеп болду?

-Тоолорго негизинен кичинекей кезимден баштап кызыкчумун, чокусуна чыккым келе берчү. Бирок үйдөгүлөрүм “сен аябай алсыз, назик кызсың” деп айтышчу. Тоого чейин жете албайсың, барбай эле кой деп апам башынан эле каршы чыккан. Кийин капысынан эле тоого барып калдым. Биринчи майда жыл сайын өтүүчү альпиниада уюштурулуп, Комсомол чокусуна чыгыш керек эле. Эң кызыгы, альпинизмди сүйүүчүлөрдүн арасында убакыт боюнча тоонун чокусуна бат жетип, эрте түштүм. Бийиктикке биринчи чыкканда өзүмдү аябай жакшы сездим. Чокудан караганда ылдый жактагы көрүнүштөр менде башкача бир сезимдерди пайда кылып, кызыгууну жаратты. Кайра келгенде мындан кийин да тоого чыгууну ойлоно баштадым.

-Альпинизм менен алек болуу күчтүү даярдыкты талап кылат эмеспи. Кыргызстанда атайын альпинисттерди даярдоочу курстарды таба алдыңызбы?

-Кыргызстанда альпинизм федерациясы бар, тилекке каршы, каалоочулар үчүн инструкция менен үйрөтүүчү секциялар жок. Мен “Политех” деген группаны таптым. Алар “бизде тренерлер жок, жөн гана ышкыбоздорбуз, биз үйрөтпөйбүз, өзүбүз эле машыга беребиз” деп айтышты. Эгер ошончолук эле кызыксаңыз, биринчи  тоо туризми менен алектениңиз деп кеңеш беришти. Анан жөө жүрүүчүлөрдүн бирикмеси ТУКту таап, жөө жүрүштөргө бара баштадым. Географияга кызыккандыктан 2000ге жакын көлдөр, көптөгөн кырка тоолор, мөңгүлөр, чокулар, шаркыратмалар жана башка кооз жерлерибиз бар экенин билчүмүн жана туристтер арасында белгилүү болгон жерлерге барсам деген тилегим бар болчу. Негизинен экологияга, өсүмдүктөр жана айбанаттарга кызыкчумун. ТУКта жаңы баштагандарда барса боло турган ылайыктуу маршруттар бар. Алардын баарын басып өткөндөн кийин альпинизм менен алектенип баштадым. Бул бирикменин алдында спорттук топ бар. Алар оор категориядагы жүрүштөргө барат. Ошолорго кошулуп, тоого чыгууга кызыгуум дагы да күчөдү. Кийин тоо туризми боюнча 3-разрядды  ыйгарышты, гид кызматын көрсөтүүгө  даярдаган курсун бүттүм.14274439_651838904992152_2053559666_o

-Альпинизм менен алектенүү үчүн белгилүү бир команда керектелсе керек?

-Альпинизм спорттун командалык түрү болгондуктан бир топту табуу мага кыйын болду. Анткени альпинисттердин деңгээли ар башка болот. Альпинисттер командасына өзүнөн төмөнкү деңгээлдеги спортчуларды ала беришпейт. Бул негизинен туура деп ойлоймун. Себеби ар бир альпинист чокуга чыгуу учурунда өзүнүн жашоосун жанындагы курбусуна же досуна ишенип тапшырат. Альпинисттердин тоого чыгууда оорчулугу  бирден алтыга чейинки категориядагы  чыгыштар болот. Биринчи  А, Б категорияга жакшы бут кийим, керектүү жабдыктары болсо, ар бир адам чыгып келе алат. Экинчи категориядан баштап,  аскалар, чыгууга оор жерлер кездешет, анан жип менен жана жабдыктар менен иштеген тажрыйба талап кылынат. Ошондуктан өзүнүн жашоосун жаңы спортчуга тапшырышпайт. Бул нерсени өз башымдан өткөргөндөн кийин түшүндүм. Өзүмө окшогон даярдыгы бир деңгээлдеги  эки адамды таап, Ала-Арчада альпинисттер менен чогулуп, машыгууларды уюштуруп чокуларга чыгып жүрдүк.

-Альпинизмде кандайдыр бир рекорд жаратуунү үчүн коздөйсүзбү же…

-Тоо чокусуна кандайдыр бир даража алуу үчүн чыкпаймын. Тоолорду жакшы көргөнүм үчүн жана экстремалдык спортко кызыкканым үчүн  альпинизм менен алектенем. Көңүлүм ар дайыр тоолорго тартып турат. Тоолорго саякаттагандан  ырахат алам, кооздуктарга суктанганды жана сүрөткө тартканды жакшы көрөм. Бийиктикке чыкканда айланада болгон кереметтер чексиз таң калтырат жана жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Альпинизм, тоо туризми биздин өлкөдө массалык түрдө өнүксө, жаштар арасында суроо-талапка ээ болсо экен деп тилейм. Биздин өлкөдө тоо туризмин, велотуризмин өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр чоң. Туризмдин келечеги алдыда деп ишенем. Кызыккандарга кеңеш, багыт берүүгө жана тажрыйбам менен бөлүшкөнгө даярмын. Чындыгында  кыздарды физикалык жактан алсыз деп ойлошот. Бирок кыздар балдарга караганда бир топ чыдамкай жана көтөрүмдүү (выносливая) келишет. Азыркы учурда жеңил экипировкалар, жабдыктар бар, ошондуктан кыздарга кыйынчылык деле жаралбайт. Бардыгын каражат гана чечип калды.

ang_0117-Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?

-Келечекте 7000 метрден бийик чокуларга чыксам дейм. Алайдагы Ленин  чокусу (7134 м) жана Тянь-Шаньдагы Хан-Теңири  (7010 м) чокуларына көтөрүлгүм келет. Альпинисттер үчүн “7 чоку” деген программа бар, ага ылайык ар бир континентте жайгашкан эң бийик жети чокуга чыгуу керек. Мен да бул бийиктиктерге жетүүгө ынтызармын. Борбордук Азиядагы  бийиктиги 7000 метр бийиктиктен ашкан беш чоку бар. Алардын экөө Тажикстанда, үчөө Кыргызстанда жайгашкан. Альпинисттерде багындырдым деген сөз колдонулбайт. Анткени тоолорду биз эч качан багындыра албайбыз. Тоолор чындыгында ар бир адам үчүн кучагын жая бербейт. Альпинизм кызыктуу болгону менен коркунучтуу учурлар да болот. Ошондо жакшы ниет менен “мени кучагыңа кийир жана кайра чыгар” деп  жакшы аба ырайын тилеп түшүп кетүү керек. Мен тажрыйбамда 4800-5000 метр бийиктикке чыккам.

-Тоолорго кайсы мезгилде чыгасыңар?

-Негизи жай айларында Кыргыз Ала-Тоо кыркаларына Ала-Арчага көп чыгабыз. Мында кар көп болбойт, чокусунда бир аз гана муз болушу мүмкүн. Биздин кыргыз Ала-Тоо ысык болгондуктан, кар көпкө кармалбайт. Суук сентябрь айларынан баштап түшө баштайт. Биз декабрга чейин чыга беребиз. Кышында дагы тоого чыккан өтө маанилүү. Тескей Ала-Тоодогу чокуларда кар дайыма болот. Карда, музда тоого чыгуу техникалык жактан тажрыйбаны  талап кылат.

-Коркунуч жараткан учурлар болду беле?

-Андай учурлар көп эле болот. Эң башкысы — сак болуу. Мисалы, өйдө жактагы станцияларды бекем жайгаштыруу керек. Жип менен чыгып атканда эрежелерди сактап, техникаларды туура, эрежеси менен колдонуу талап кылынат. Жаныңдагы курбуңа дагы кээде ишенбей, жиптерди текшерген учурлар болот. Жабдыктардын да сапаты жакшыларын гана кийип чыгыңыз. Башында жабдыктардын ар бир бөлүктөрүнө маани берип кылдат болчумун. Кошумча жиптер менен бекитип, баарын карачумун. Кесиптештерим “жаның таттуу” деп тамашалап калгандыктыктан анчалык текшербей калдым. Бирок кылдаттык жана сактык дайыма болуш керек.

-Чокуга чыкканда адам өзүн кандай алып жүрүшү керек?

-Кээ бир чокуга чыкканда эки-үч адам баткандай эле жер болот. Мында таштар эшилип аткан жерлер да кездешиши мүмкүн. Ошондо дайыма коопсуздук камсыз кылынып, өзүбүздү ошол жерге бекитилген станцияга бекемдейбиз. Эгер түшүп кетсек, жепке илинип калгандай болуп. Кар көп жерден баарыбыз бир байлам жипте басабыз. Сүрөткө, видеого тартам деп кызыгып кетип, ылдый түшүп кеткен альпинисттер да болот. Өзүн гана эмес, жанындагы адамды да карап турушу шарт. Себеби бийиктикте тоонун оорусуна кабылып, жакшы ойлоно албай, каталарды кетириши мүмкүн. Бир чокуга чыгуу үчүн алдын-ала Ала-Арчага барып, бир катар машыгууларды жасап даярдануу зарыл.

-Алгачкы жолу тоого чыгып жаткан күнүңүздү эстеп көрсөңүз? 11073955_10204767831054166_1291160193_n

-Биринчи чыгып атканда ылдый жакка түшүп кетчүдөй сезимдер болгон. Таштар кулап жаткандыктан ушундай ойлор жаралса керек. Эч качан бийиктиктен корккон эмесмин. Бирок ылдыйга учуп баратканымды элестетип алып, коопсуздук үчүн жип илгенди унтуп коюптурмун. Элүү метрдей жерге коопсуздукту камсыз кылбай эле чыгып кетиптирмин. Өйдө жакка жеткенде машыктыруучудан аябай тил уккам. Ал ар кандай кокустук учурлар болушу мүмкүн экенин көрсөтүп да берген. Биз менен чогуу барган курбум жипти туура эмес бекиткен экен. Мен өйдө көтөрүлүп атканда жип үзүлүп кетип ылдый түшүп кеткем. Бирок бир аз эле өйдө көтөрүлгөндүктөн катуу жыгылган эмесмин.

-Альпинизм спорттун азгырмалуу түрү деп коюшат эмеспи. Сиз буга кошуласызбы?

-Мен да альпинизмге берилип кетсем керек. Өзүмдү бул спорттун түрүсүз элестете албайм. Кээ бир адамдар альпинизм менен спорттук карьера жасаш үчүн алектенет. Кандайдыр бир спорттук мелдештерге катышууну максат кылышат. А мен тоолорду сүйгөнүм үчүн жана тоолордон дем-күч, рахат алганым үчүн, тоого чыкканда бизге ачылган кооз пейзаждар үчүн альпинизмди тандагам. Чокуга жарым саат калганда убакыттан жетишпей калып, кайра ылдый түшүүгө туура келген учурлар болот. Эң башкысы, альнинисттер үчүн аба ырайы жана убакытка карай жүрүү жана убакыттан уттурбоо. Эгерде белгиленген саатта чокуга чыгууга жетишпей калсаңыз, кайсы жерде болсоңуз да  артка кайтууңуз керек. Бирок аз калганда  кетүү кыйын болот. Өзүбүздү “тоолор дайыма бир орунда турат, эч жакка качпайт, биз кайрылап келебиз” деп алдап артка түшүүгө мажбур болобуз . Ошого карабастан, мен тоолорго чыккым келе берет. Анткени эңсеген жериңизге жеткенде  эч нерсеге алмашкыс жагымдуу сезимдерге бөлөнүп, бүт көйгөйлөрүңүз унутулуп, ички дүйнөңүз жеңилдеп жаңыргандай болосуз, чарчаганыңыз да унутулат.

-Тоолорго болгон кызыгуу, сүйүү эмнеден улам жаралды сизде?

-Атам география, геология тармагында окугандыктан, анын бөлмөсү дале эсимде. Анда карталар илинип, китептери, ден соолукка байланыштуу журналдары көп эле. Жанына барып бир нерсени талашсам, журналдарды карматып койчу. Аларды барактап отуруп тоолор, лыжа тепкендер, альпинисттер, туристтердин сүрөттөрүн көрүп, мен да ушундай болом деп айтчумун. Ошондон улам тоолорго болгон кызыгуу жаралып, кийин сүйүүгө айланса керек.

-Жакындарыңыз сиздин кызыгууларыңызды тең бөлүшөбү?

-Жакындарым альпинизм менен алектенүүмдү көп деле түшүнүшпөйт. Алардан колдоо таппагандыктан көп деле айта бербей. Апам аябай каршы. Турмуш курушуң керек, анткени тоодо жүргөн кыздар үй-бүлө курушпайт деп айтат. Алардын жашоого болгон көз карашы башкача болот. Биздин салттуу коомдо сени колдогон эркектер болбойт, ушунчаңда ташта дейт. Мага тоо туризмин сүйгөн, саякаттоону жактырган альпинист адам керек деп ойлойм.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: