Menu

Эрнис Кыязов, журналист: “Мен кыргызмынбы же Кыргызстандыкмынбы?..”

Бөлүшүү:

Кыргыз паспортуна улут жазылышы керектиги же жоктугу туурасындагы талаш-тартыш башталганда эле негедир Ален Офойо деген афро-кыргыз кикбоксер эсиме түштү. Кикбокс боюнча Азия чемпиондугун жеңип алып , кыргыздын желегин желбиретип , өлкө гимнин сыймыктануу менен кошо ырдап турган бу жигитти көргөндө анын жеңишине кошо шерденип, далыма канат бүткөнсүп кубангам. Анын паспортунда улуту ким деп жазылганына кызыкпай, а түгүл ал туурасында түк ойлобой эле сүйүнгөм. Менчилеп башка мекендештерим деле сүйүнгөн чыгаар? Же “Эмне үчүн кыргыз эмес? Эмне үчүн африкалык?” деп ичи ачышкандар да болду бекен? Баса, Талант Дүйшөбаев деген кыргыз бар, өзү Испаниянын жараны болгон менен Польшанын гандбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу,.. ошо кишинин ийгиликтерине бир эле учурда үч эл кубанат экен – кыргыздар, испандар, анан поляктар, кыргыздарды айта албайм,.менимче кубанычка бөлөнгөн испандар менен поляктар үчүн Талант Дуйшебаевдин паспортундагы улуту деле анча мааниге ээ эмес болуш керек.. Айтайын дегеним, ийгиликке сыймыктануунун чеги улут менен, паспорт менен өлчөнбөшү керектир? Улуу эл экенибиз чын, байыркы эл экенибиз анык, бирок кайсы эл өзүн “жаманмын, жакшы эмесмин” деп айтмак эле?

“Кылым карыткан кыргызбыз..”, “чыныгы арийлердин тукумун алып жүргөн калкпыз”, “2200 жылдан да ары карай кеткен тарыхыбыз бар”, “Манастын урпагыбыз “ деп санай берсек мактанчу жактарыбыз оголе көп болуп кете берет экен. А бирок эмне үчүн чоң державаларды мындай кой, жаныбыздагы эле коншу өлкөлөргө баркыбыз жок? Эмнеге алар бизди “..булар улуу эл, Манастын урпактары, арийлердин тукуму, 2200 жыл тарыхы бар” деп биздей улуу элден айбыгып, ийменишпейт,..балким маселени башкача көз айнек менен караганыбыз жөндүүдүр? Аныбыз го ал, жалкоолугубузду, кашаңдыгыбызды, жалакайлыгыбызды, кедей болсок да керсеймелигибизди моюнга алып, өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаган “кыргызбыз да..” деген купуя слоганыбыз дагы бар экенин жалганбы? Сырттан кытайыбы, немисби, түркүбү же америкалыгыбы өлкөбүзгө зоот-фабрика, ишкана ачканы жатса, “бөлөктөр келип басып алмай болду,. каптап кирмей болду” деп айкырганыбыз бир тең да, же ал ишканаларды өзүбүз жөндөп иштете албай, ар качандан бир качан түндүк-түштүк, тиги уруу-бул уруу, кокту-колот, ылдыйкы көчө, өйдөңкү көчө болуп ич ара бөлүнө бергенибиз бир тең. Тарыхтын оомал-төкмөлү менен илгери кыргыз жергесине баш паана кылып келген орус, дунган, өзбек, тажик, түркмөн,чечен, карис, украин,беларус жана башка ушул сыяктуу башка улуттар бизде чейрек кылым жашап келе жатса да аларды “бөтөн” деп бөлбөй, өз кылып, кыргыздын туусунун астына бириктирип, “Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын!” деп сыймыктандыруунун ордуна жерибизди чөнтөгүнө салып башка жакка уурдап кетчүдөн бетер “бул жердин ээси бизбиз, а силер келгинсиңер” деп астыртан өгөйлөгөнүбүз өгөйлөгөн. Францияга, Италияга, Кытайга, Германияга же мейли мобуреки эле Казакстан, Грузия же Орусияга көчүп барып ал жактын жарандыгын алып, жашап калдыңыз дейли, ошондо эмне кыргыз болуудан калып франсуз, италян, кытай, немис же казак, грузин, оруска айланып калмак белеңиз? Африкада жашап африка паспортун алсаңыз деле кыргыз бойдон каласыз да. Маселен, чет өлкөгө барсаңыз аэропорттогу чек ара кызматкерлери эле паспортуңузду ачып карабаса, сиз алар үчүн болгону чет өлкөлүк Кыргызстандын жаранысыз. Кыргызстанда жашаган улуту кыргыз, өзбек, дунган, орус экенибиз алар үчүн мааниге деле ээ эмес. Менимче улут формалдуулукта эмес, кыргыз экенибиз жүрөгүбүздө жашашы керек, а жүрөгүбүздөн аны ким сууруп алмак эле?

Андан да кеңирирээк айтсам, азыркы глобалдашкан ааламда “улут” деген кеңири түшүнүк го акыры. Кыргыз өлкөсүндө канча эл болсо ошонун ар бири “мен ушул өлкөнүн адамымын!” деген сыймыкка бөлөнсө, мээнетине жараша жашаса, көп иштегени көптөй, аз иштегени аздай , кадырына, аракетине жараша калыстыкта (!) жашоо кечирсе ошонун баары бир бүтүн улут болбой эмине? Тарыхыбыз кайда калат, тек-түгүбүз кайда калат?-деп патриоттулук каны ойноп чыкчуларды деле түшүнсө болот, а бирок ар элдин тарыхын, басып өткөн жолун, баалуулуктарын танка менен тепсетип майкандалышын каалаган эч ким жок. Андай экен,.. адамзат тарыхында “мен баланча деген улуу журтмун, бийик улутмун” деп ошонусун ташка оюп жазып, түбөлүк өчпөс болуп калууну каалаган нечен эл, нечен улут аты-жыты менен жок болуп кеткени жалганбы? Ат жалында казан асып, найзаларды кылкылдатып “биз кыргызбыз!” деп ураан чакырган ыкма балким өткөн тарыхтын ынгайына туура келчү талап эмеспи? Глобалдашкан, жогорку информациялык технологиялардын дооруна айланган 21-кылымда жеңишке жетүүнүн бирден бир жолу тунук акыл-эс, зирек ой чабыт, терең билим болуп жүрбөсүн?
“Кыргызстандыкмын” дейбизби же “кыргыз жергесиненмин” деп айтабызбы, аталышынан мурда да “сүйүктүү өлкөмдүн адамымын” деген жалпы улуттук сезимдин ойгонуусу ириде кыргыздардан гана көз каранды дегенге анча кошулбас элем. Эгер өлкөбүздөгү кыргыздардан бөлөк элдер “бул кыргыздардын жери да,демек кыргыздар өзү кыймылдасын, анан биз ойлонуп көрөбүз..” деген чайпалма мүнөз күтчү болсо, анда мунун өзү түбүнөн туура эмес. Өлкөнүн Кыргызстан деген аталышына эле кыйылып, “Дунганстан болсо кыймылдамакмын, Уйгурстан болсо козголмокмун же Кытайстан болсо ыргып турат элем..” деген сыңар эртең, бүрсүгүнү көчүп кетип калчу коноктун образында ой жүгүртүүнүн да тарапкери эмесмин. Кыргызстан – тек географиялык, тарыхый кубулуш катары кабылданышы туура болот деген ишенимдемин.
Паспортто улутту көрсөтүп жазбоо кампаниясы бир караганда кыргызга өтө копол туюлуп жатканы менен, мунун түпкү көздөгөнү жалпылык, биримдик экени түшүнүктүү. Бирок ушуну демилгелеп жаткан бийлик тек гана паспорттогу “улут” графасын алып салган формалдуулук менен эле кыр ашып кетпей турганын аңдап иш кылып атабы , кеп ушунда. Чоң жыйындарда, чогулуштарда, кыргыз этносуна байланышкан тарыхый иш чараларда, айрыкча шайлоолор учурундагы аймактык жолугушууларда “биз кыргыздар!” деп төш кага берме ала көөдөндүк болбоосу кажет. Бийлик өзү улутка, аймакка, тарыхына карап бөлүп-жармайын коюп, ар бир жаран өлкө үчүн баалуу экендиги сезилгидей кадамдарды жасаганы туура. Шайлоо күрөшүнүн ынгайына карап, түштүккө барса түштүкчүл, түндүккө барса түндүкчүл, өзбек электораты менен жолукса өзбекчил, орус шайлоочуларга кезиксе орусчул боло калган тар кызыкчылык дээринде бөлүп-жарууга үндөөрүн өлкө элитасы болууга чамынгандар кулагына күмүш сырга кылып алышса дурус болоор эле. Бир чети, айланып келип эле жоопкерчиликтин баары кыргыздардын өзүнө келип такалгансып жатканынын жөнү бар. Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан кыргызыбы, орусу болобу, өзбегиби, дунганыбы же африкалыгыбы ал ийгиликке чындап кубана алсак, анда паспорттогу улут маселеси башкы мааниге деле ээ болбой калмак. Кубануунун ордуна ошол ийгилик ээси кыргыз эмес, башка улуттан болуп калганына бир аз ич ачышкан, ичте “ит өлгөн” мандем болсо эле анда паспортко кандай деген улутту жазып алып мактанба,..иштин бүткөнү ошол … Бул маселени паспортто улут деген жазууну “калтырсын” же “алып салсын” деген алкактан эмес, башка өңүттө кароо керек го. Улуту кыргыз эмес болсо да Кыргызстанга анча-мынча кыргыздан мыкты кызмат кылган инсандар бар, паспортунда “кыргыз” деп балчайта жазылып турган менен же үй бүлөсүнө,же мамлекетке залалдан башка пайдасы жок дангеселер канча… Жогорудагынын баары эми менин жарандык жеке көз карашым. А дегинкиси, паспорт маселесинде мени түпөйүл кылган нерсе башка. “Улут” деген графаны алып салууну демилгелеген тараптын түпкү максаты анча айкын эмес, жеткиликсиз болуп жаткансыйт, анткени “улутту” жазбай коюу ниети ким тарабынан, эмне максатта секирип чыга калганын алигүнчө коомчулукка так түшүндүрүп берише элек. Мамлекетте бул маселеден да жүз эсе актуалдуу, чечилүүгө тийиш болгон саясый, экономикалык, социалдык, идеологиялык маселелер турса, паспорттогу “улутту” алып салуу маселесиндеги көшөргөн позициясын өкүмөт коомго ынанымдуу түшүндүрбөсө бүдөмүк ойлор калкып тура берет, а мындай шек жараткан кырдаал эл ичинде күмөн саноолорду ого бетер күчөтүп, аягы өтө опурталдуу аякташы мүмкүн…

Эрнис Кыязов, журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: