“Мен биздин россиялык досторубуз, силер сымал бараандуу саясатчылар, сиздер сыяктуу лидерлер акырындап Ысык-Көлгө дачаларды кура башташын жана эс алууга тез-тез келип турушун каалайм: көлдө кандай сонун кум, кандай сонун суу!” – деп билдирди кечээ, 3-июлда Алмаз Атамбаев Россиянын парламентинин жогорку палатасынын спикери Валентина Матвиенко менен жолугушуп жатып.
“Россиянын мыйзамдары боюнча бизге, мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөлөрдө кыймылсыз мүлккө ээлик кылууга болбойт”, – деп жооп берди Валентина Матвиенко.
“Кыргызстан Россия үчүн чет өлкө эмес, бир тууган өлкө. Мага ишенип койгула, Россиянын президенти силерге уруксат берет”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ