Милиция жол инспекторлору айып аянтчасына алып бараткан мотоциклди эвакуатордон чечип, айдап качып кеткен адамды таап, ага айып пул салды. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Инспекторлордун айтымында, мотоциклди алып качкан адам 1993-жылы туулган Ф.В ГЭС-2нин тургуну болуп чыкты. Ага документтери жана айдоочулук күбөлүгү жоктугуна байланыштуу эки протокол түзүлдү. Мындай мыйзам бузуу үчүн айыптын суммасы 5500 сомду түзөт.
Мотоцикл айып унаа токтотуучу жайга токтотулду.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ