Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев мушкер Дастан Шаршеевди жардамчысы катары жумушка алды. Бул тууралуу ал кечээ, 28-июлда өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.
“Урматтуу калайык! Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын. Иштей берели”, – деди Түлөбаев.
Дастан Шаршеев 2019-жылы кикбокс боюнча дүйнө биринчилигин багындырган.
Ал эми Балбак Түлөбаев 2 күн мурун эле өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ