Ушул жылдын 10-мартында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кабак айылынын тургундарын Жумгал районунун акими Адыл Сапаров айыл өкмөтүнүн алдында чогултуп, 16 кытай жарандын базага келүүсүнө тоскоолдук кылбоолорун суранган. Бул тууралуу айыл тургундары журналисттерге билдиришти.
Аталган кытай жарандары жол куруучулары болгон, алар Бишкектен атайын медициналык кароодон өтүп, коронавирус боюнча карантинде болуп чыгышкан. Жаз келгендигине байланыштуу түндүк-түштүк альтернативалуу жол куруу иштери баштала тургандыгына байланыштуу, алардын базасындагы техникаларды башка жака көчүрүп кетүү үчүн келишкен кытайлар болгон.
Өз кезинде айыл тургундары алардын келишине каршы болуп, абал туруктуу болгонго чейин райондун аймагына кирбей туруусун талап кылышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ