Menu

2017-жыл: урунттуу окуялар

Бөлүшүү:

Артка бир кылчайып карап, эски жылда баштан кечирген жашоо-турмушубузду эске түшүрүп, эң орчундуу окуяларды тизмектедик.

– Былтыркы 2017-жыл кан жуткурган алаамат менен башталды. 16-январь күнү таңында Дача СУ айылынын так үстүнө жүк ташыган учак кулап, ондогон үйлөрдү жер менен жексен кылып шыпырып кетти. Бейкапар уйкуда жаткан 35 тургун, экипаждын 4 мүчөсү мерт кетишти. Каза болгондордун арасында жарык дүйнөнү жаңыдан таанып баштаган балапан наристеден баштап, үй-бүлөсү түгөлү менен кырылып калгандары да болду. Кыйын кырдаалда кол кабышка шашкан калың журт жапа тырмак жардамга чуркашты. Жогорку бийлик гана камаараган жок, атурсун ажо А.Атамбаев бүк түшүп турган элине басып барууга жарабады. Дээрлик бир айдан кийин гана жабырлануучуларды резиденциясына чакырып, куран окутту. Карапайым эл өз демилгеси менен 100 млн сом каражат чогултуп берди. Маалыматтар боюнча учак Гонконгдон Стамбулга карай жүк ташып келатып, “Манас” аэропортуна май куюу үчүн конгон. Эл арасында “учактагы жүк Атамбаев баш болгон бийлик мыкчыгерлеринин жашыруун бизнестерине тийиштүү болгон” деген маалымат тарады. Бийлик тараптан ишенимге татыбаган актануулар менен ар кандай версиялар айтылды. Элдеги маалыматтын түп-тегинин аныктыгын ишенимдүү белгилеп чыккан оппозицилык саясатчы Ө.Текебаевдин башына кара булут топтолду. Акыры келип, ошол иштин изи менен чет элге барып, далил документтерди алып келатат делген Ө.Текебаев аэропорттон капысынан кармалды да, абакка тыгылды. Ошону менен “кандуу жүктүн” изи сууду. Бирок эл арасында дале болсо “кандуу жүктүн ээси ким, алар качан кармалып, жазасын алышат?” деген суроо жортуп жүрөт.

– 29-апрелдин таңында Өзгөн районунун Аюу айылын жер көчкү басып калып, 24 кишинин өмүрүн алды. 200 миң куб метр жер көчкү 7 үйдү басып калган. Мында да бүтүндөй үй-бүлөсү менен жер алдында калгандар болду.

– Оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров соттолду. Бийликтин куугунтугунан улам чет элде бир канча убакыт жүрүп, кайра мекенине кайтып келаткан саясатчыны 25-мартта өлкө чек арасына кирген жеринен кармап, Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелери менен (өлтүрөм деп коркутуу, барымтага алуу, бейбаштык, бийлик өкүлүнө зомбулук кылуу) айып тагышты. Биринчи май райондук соту С.Жапаровду “барымтага алгандыгы үчүн” күнөөлүү деп таап, 2-августта аны 11,5 жылга эркинен ажыратты. Шаардык сот бул өкүмдү күчүндө калтырды.

– Оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев соттолду. Орус жараны Л.Маевскийдин “Альфа Телекомду” сатып алууга жардам бериш үчүн 1 млн доллар пара бергем” деген жалаасы менен Ө.Текебаевге карата кылмыш ишин козгоп, 26-мартта Европадан кайтып келаткан жеринен “Манас” аэропортунан кармап, абакка тыгышты. Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен айып тагылып, райондук сот 16-августта аларды үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратты. Экинчи инстанциядагы сот менен Жогорку Сот да райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырышты.

– Өзбекстан менен мамиле жакшырды. Кыргыз-өзбек президенттери бири-бирине мамлекеттик сапарларды уюштуруп, эки тараптуу алаканын жакшырышына шарт түзүштү. Чек араларды тактоо иштеринде жагымдуу жыйынтыктар болуп, коңшулардын стратегиялык кызматташуу келишими иштеп баштады. Бул жаатта өзбек ажосу бир топ ынтызарлыгы менен демилгелүүлүгүн көрсөтө алды. Жыйынтыгында кыргыз-өзбек чек арасы ачылып, өзбек ишкерлеринин өз продукцияларын Кыргызстанга экспорттоосуна жагымдуу жадайлар түзүлдү. Ал эле эмес, коңшулардын демилгечилдиги күткөндөн да ашып, өзбек унаа өндүрүшүн Кыргызстанга (биз аркылуу ЕАЭБге) жайылтуу келишимдерине да жетишишти.

– Бүтүндөй 2017-жыл болуп көрбөгөндөй көп жана трагедиялуу жол кырсыктары менен коштолду. Автокатастрофалардан боо-боо түшүп кырылгандар болду. Жол алааматтарынын эң резонанстуусу – өлкөнүн жогорку жетекчилеринин биринин автокырсыктан каза табышы болду. 7-октябрда Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров шайлоонун жүрүшүн уюштуруу иштери менен Таласка бараткан жолдо автокырсыкка учурап, жардамчысы, шоопуру менен кошо мерт кетти. Жол кырсыктары эле эмес, тилекке каршы, былтыр өрт кырсыктары да өтө көп катталды.

– Кейиштүүсү, 2017-жылда маданият тармагынын бир катар көрүнүктүү ишмерлери да бул жашоо менен кош айтышып кете беришти. Алсак, “Сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында, таланттуу ырчы Эмира Кайып кызы 42 жаш курагында, Улуттук филармониянын алдындагы “Эл шайырлары” тобунун көркөм жетекчиси Мурадил Сагыналиев 45 жашында, таланттуу актер жана режиссер Марат Козукеев 47 жашында каза болушту.

– 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болду. Шайлоодо бийликтин талапкери С.Жээнбеков  54,22% добуш менен жеңишке жетишип, ажолук бийликти колуна алды. Жаңы президенттин кызматка киришүү аземи 24-ноябрда “Ала-Арча” резиденциясында болуп өттү. Кызматын баштаар менен, 29-ноябрда С.Жээнбеков Кремлге барып В.Путин менен мындан аркы саясатын такташып келди.

– Шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабанов көп өтпөй өлкөдөн чыгып кетип, кийинчерээк “саясаттан биротоло кеттим” деп жарыялады. Коомчулуктун бир бөлүгү анын мындай чечимин бийликтин кысымы астындагы айласыз кадам катары бааласа, бир даары коркоктук, саткынчылык катары кабылдап, жерге түкүрүнүштү.

– Казакстан менен мамиле сууду. Кыргыз президенти А.Атамбаевдин коңшу казак мамлекетинин башчысы Н.Назарбаевге карата бир катар ээн ооз билдирүүлөрү эки өлкөнүн чек араларынын бир канча мезгилге күчөтүлгөн текшерүү режимине өтүүсүнө алып барып такады. 10-октябрда жабылган чек аранын Кыргызстан тарабында жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болуп, кыргыз ишкерлерин миллиондогон чыгымдарга учуратты. Премьер-министр С.Исаковдун маселени чечүү аракеттеринен майнап чыкпады. Ошо кездеги президент А.Атамбаев кырдаалды андан бетер татаалдантып, казактар менен Н.Назарбаевдин дарегине биринин артынан кийинки ээнооз пикирлерин утур жаңыртып турду. Жаңы шайланган президент С.Жээнбеков 30-ноябрда Минскиде Н.Назарбаев менен жолугушуп, 25-декабрда Казакстанга расмий сапар менен барып маселени кайра-кайра талкуулап жатып, кырдаал акырындап оң жолго салына баштады.

– 5-декабрда Кыргызстан жаш хоккейчилеринин курама командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena эл аралык турниринде чемпиондукту утуп алды. Жаш жеткинчектердин бул ийгилиги мекендештеринин сүйүнүчүн арттырып, кызуу талкуусун жаратты.

– Кыргыздардын улуттук көк бөрү оюну 7-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирип, кыргыздын улуттук оюну катары таанылды. Буга чейин казактар тарабынан да сунушталып келгенине карабай, комиссия көк бөрүнү тизмеге Кыргызстандын атынан киргизди.

Кубатбек АЙБАШОВ, “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: