Menu

Бүгүн Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Атамбаевдин сот иши каралат

Бөлүшүү:

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча чуулгандуу сот иши 15-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталат. Батукаев өлкөдөн 2013-жылдын апрелинде чыгып кеткен. Анда врачтар “чукул лейкоз” (ак кан) диагнозун коюшкан. Нарындагы түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чеченстанга учуп кеткен.

Бул боюнча кылмыш иш 2019-жылдын январында карала баштаган. Сотко октябрда өткөн. Жалпы жонунан 19 киши айыпталууда: врачтар, лаборанттар, чоң кызматтагы экс-жетекчилер, жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, алар менен бирге мурдагы президент А.Атамбаев да. Мурда айтылгандай, тергөө менен кызматташкандыгы үчүн 14 айыпталуучу айып пул төлөп, кутулуп кетиши мүмкүн.

Атамбаев сот угууларына келүүдөн баш тарткан. Юристтер күч менен сотко алып келсе болорун айтышкан. Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев сот иши жабык түрүндө өтүшүнөн чочулап турат. Ал бардык процессуалдык нормалар бузулганын айтып, сот журналисттерсиз өтүп калуусуна кейүүдө. Сот Эмил Кайыпов Атамбаевди күч менен алып келдиреби же жокпу, азырынча белгисиз.

Жактоочусу негедир сотто утулуп каларына көзү жетип, акыры Гаага трибуналына, БУУнун адам укугу боюнча комитетине да кайрыларын билдирүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: