Menu

Чылпагын алам деп көзүн чукуган Атамбаев же экс-президент бийликти узурпация кылгандыгын кантип мойнуна алды?

Бөлүшүү:

Айтканын кыңк этпей аткарган кишини президент кылып, мамлекетти Арашандагы хан сарайдан башкарууга дит койгон “экс-ажо” оюндагы “арам” максатын ишке ашыра албай калгандан бери тынч жаталбай, бугун кантип чыгарышты билбей убара тартууда. Жеке телеканалынан ар кимге асылып, баягы эски адаты менен “жугунду” төккөнгө аракеттенүүдө.

Кызыгы, Атамбаев бул сапар чылпакты алам деп көзун чукуп, же чынымды айтам деп жатып сырын айтып, мамлекет алдында өтө оор кылмышты жасаганын ачыкка чыгарып алды. Тактап айтканда, АЖОЛУКТАН КЕТКЕНДЕ бийликтин бардык бутагын жеке өзүнө чөгөлөтүп, узурпация кылганын кыйыр түрдө мойундады. Кеп чынынан бузулбайт дегендей, сүйлөгөн сөзүн карап көрөлү:

«Мен мунун баарын декабрда эле көргөм. Ошондо жаңы президент Сооронбай Жээнбековго «Бабанов момундай кадамдарга барып жатат, депутаттыктан кетти. Экспертизалар бар. Бул ишти жабыш керек» деп айткам. КУДАЙ САКТАСЫН, керек болсо президент болбосом дагы бир-эки ай өткөндөн кийин февралда ошол кездеги башкы прокурорду, УКМКнын төрагасы Сегизбаевди чакырып: «Ушундай сөз болбоду беле, Бабановдун иши жабылышы керек эле го, эмне болуп жатат?» деп сурагам.

Бирок буйруктарды башка президент берип калган да. Мартта Руслан Казакбаев да келген. Ал экспертизалардын жыйынтыгы чыкты, Канат Исаев боюнча иште Бабановдун тиешеси жок, бул кандай? деп сурады. Казакбаевдин көзүнчө Абдил Сегизбаевге телефон чалдым. Ага «сөз болбоду беле, экспертизалар деле чыгыптыр, Бабановдун тиешеси жок экен иш жабылышы керек эле да» деп айттым. Ал киши «байке, кичине созулуп жатат» деди. Анан мен жок дегенде Русланды кабыл алуусун сурандым. Чындыгында Бабановдун иштери жабылыш керек» деп айтты Атамбаев.

Экс-президент бул сөздөрүнөн ажолуктан кеткенден кийин да бардык күч түзүмдөрүн жалгыз өзүнө баш ийдиргенин ачыктады. Атургай бийликтен кеткен маалда дагы УКМК төрагасы менен Башкы прокурорду чакырып, тапшырма бергени айтылып жатат. Көрсө, кимге кылмыш иши козголуш керектигин, кимдики токтотулушу зарылдыгын бир гана киши чечкен экен да. Бул факты буга чейин айтылып, жакындан
бери көбүрөөк кайталана баштаган: «Атамбаев бардыгын өзү башкарып, бийликти узурпациялап алган» деген сөздөрдү эң сонун бышыктап жатпайбы. Мындан ашык дагы кандай далил керек. Биздин мамлекет бир адамдын жеке менчигине айланып, анын ички мүдөөсүн канааттандырып келген турбайбы. Экстин билдирүүсү боюнчаБашкы прокуратура тез арада чечкиндүү чара көрүп, жоопкерчилигин аныкташ керек. Элдин бийлигин узурпациялоо – өтө оор кылмыш. Чара көрүшү зарыл.

Биз ушул маселенин алкагында: «Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин да укук коргоо органдарынын ишине кийлишип, Бабановдун кылмыш ишин жабууда тапшырма бергенин мойнуна алды. Бул факты экс-президент бийликти узурпация кылганын тастыктайбы? Эгер андай калпыстык болсо Генпрокурор чара көрүшү керекпи?» деген суроо менен айрым саясий ишмерлерге суроо узаттык.

Алманбет Шыкмаматов, «Ата – Мекен» фракциясынмн лидери: «Аамбаевдин аракеи конституцияны одоно бузуу, узурпация болуп эсептелет»

—Атамбаев өзүнүн интервьюсунда Бабановдукунан сырткары дагы башка иштерде кырдаалды жеке өзү көзөмөлдөгөнүн мойнуна алды. Мисалы, «Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен» деп экинчи ирет өкүндү. Демек, бул жерде Текебаевди өзү каматканын мойнуна алды. Эгер калоосу болгондо өзү каматпай кое ала тургандыгын тастыктады. Бул сөздөр менен УКМКнын, прокурордун, соттун ишин түздөн түз өзү башкарып, өзү жетектеп тургандыгын далилдеди. Аны бир эмес эки, маегинде тең белгилеп, «Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен, бирок каматтым» деди. Кудай деген киши мындай ишти жасабайт. Ак жерден кишини каматуу – бул чоң күнөө. Экинчиси, Конституциялык укугунан чыгып, сотту да, прокуратураны да өзүнүн менчик фирмасындай башкарып алгандыгын өзү мойнуна алып алды. Бул конституцияны одоно бузуу, узурпация болуп эсептелет.

Бекбосун Бөрүбашев, юридика илимдеринин доктору: «Узурпациянын белгилери бар»

—Узурпация деген бийликти басып алуу. Башка бирөөнүн функциясын өзүнө алып алуу да узурпация болуп эсептелет. Суроо боюнча айтсам, мыйзам боюнча экс-президенттин күч түзүмдөрүн чакырганга, аларга тапшырма бергенге укугу жок. Ал эми сөздөрдө узурпациянын белгилери бар. Белгилер бир гана Бабанов боюнча сөздөрдө эмес, Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен же Жээнбековдорду мен депутат, президент кылгам дегендей сөздөрдө да жатат.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «Сегизбаевге тапшырма берип кылмыш ачтыртканын мойнуна алып жатат»

—Атамбаев түздөн түз мойнуна алып жатат, Бабановко каршы ишти өзү УКМК башчысы Сегизбаевге тапшырма берип ачтыртканын. Бул эң чоң кылмышка ошо кездеги башкы прокурор Жолдубаеванын да катышы бар. Бул Конституцияга каршы, төңкөрүш менен барабар эле иш. Канат Исаевге дагы жанагы уюшулган кылмыштуу топторду жалдап провокация уюштурулганын мына азыр даана көрүп турабыз. Бабановду шайлоодон кийин ошол Исаевтин иши менен коркутуп, колун кайрып, толгоп, «мен саясаттан кеттим» дедиртип жаздырткан Атамбаев. Анан аны мамлекеттен айдап, кубалап да чыкканын айтып атат. Азыр болсо жакшы көрүнүп атканын карасаңыз. Шайлоого аз калганда «место шестерки на нарах» деп атырылып жаргон менен сүйлөгөнү биздин эсибизден кете элек.

Даярдаган: Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: