Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 27 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 5 кызматкер,
Ош шаарында – 15 кызматкер,
Нарын облусунда – 7 кызматкер,
Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча 326 медициналык кызматкерден COVID-19 инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ