Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту.
Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, анда эки жактуу кызматташтыктын азыркы абалы жана башка актуалдуу темалар кеп болду. Премьер-министрлер ошондой эле чек арадагы кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда Ош шаарында өтөт. Анда эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланганы турат.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ