Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймактарындагы облус жетекчилеринин кезектеги кеңеши 18-декабрда Ош шаарында болот. Ага эки мамлекеттин премьер-министрлери Мухаммедкалый Абулгазиев менен Абдулла Арипов катышарын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 85 пайызы такталганы айтылып жүрөт.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун доорунда дээрлик токтоп калган сүйлөшүүлөр 2016-жылы мамлекет башчылыкка Шавкат Мирзиеёв келгенден кийин жанданган. Өкмөт аралык түзүлгөн жумушчу топтун өкүлдөрү андан бери ай сайын тигил же бул мамлекетте жолугуп, тактоо иштерин жүргүзүп келатышат.
Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Өзбекстандын Шахимардан тилкеси жана Кандиён-Булок тилкесинин бир бөлүгү аныкталып, жазылганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ