Menu

Сапар Исаков жана Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков кечээ, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу алкагында Афганистан Ислам Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.

Абдулла Абдулла кыргызстандыктарды президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүүсү жана жаңы мамлекет башчынын кызматка киришүүсү менен куттуктады. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

Премьер-министр белгилегендей, кыргыз тарап Афганистандын ШКУга тең укуктуу мүчө болуу боюнча күч-аракетин колдоого алат жана аталган маселеде зарыл көмөктү көрсөтүүгө даяр.

Андан соң тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулады.

«Биздин мамилелер жогорку деңгээлде кармалууда, эки тараптуу кызматташтыгыбыз да өнүгөөрүнө ишеним билдирем. Ал эми биздин өкмөттөр ортосундагы өң-ара маилелер тууралуу айтсак, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын кеңешмесин түзүү жана өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыкса болот», – деди Абдулла Абдулла.

Ошондой эле ал бир катар келишимдерге, анын катарында дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу, инвестицияларды коргоо жана эки өлкөнүн укук коргоо органдары аралык терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү ошондой эле  баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы айрым келишимдерге кол коюу зарылдыгына көңүл бурду.

Сапар Исаков белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндөөсү байкалууда, буга байланыштуу кесиптешинин Өкмөттөр аралык комиссияны түзүү тууралуу сунушун колдоого алды. 2017-жылдын январь-сентябрь айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 1,8 млн. АКШ долларын түзгөн. 2016-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде бул көрсөткүч 7,48 млн. АКШ долларын түзгөн.

«Кыргызстан жана Афганистан Өкмөттөрүнүн оросунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык жааттагы кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссияны түзүү тууралуу келишимине кол коюу эки тараптуу байланыштарды жандандыруу үчүн жакшы механизм болуп калаарына ишенем», – деди премьер-министр.

Абдулла Абдулла белгилегендей, алар үчүн суу жана тоо-кен ресурстарын башкаруудагы Кыргызстандын тажрыйбасы кызыгууну туудурат. Ал саясий консультацияларды жана соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Мындан тышкары, ал КР премьер-министрине Афганистандын Чоң жана Кичи Памиринен 2017-жылдын октябрь айында келген этникалык кыргыздарды Нарын облусуна жайгаштырып, билим алууга мүмкүндүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле алар билим берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Учурда 300 ашуун афгандык студенттер Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алышууда. Сапар Исаков белгилегендей, Кыргызстан эки өлкөнүн ЖОЖдору аралык кызматташтыкты жайгаруу боюнча ишти баштоого даяр.

Жолугушуу соңунда Сапар Исаков кесиптешин 2018-жылдын 1-сентябрында өтөт турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда Кыргызстанга сапар менен келүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: