Мезгилдер алмашып атпайбы. Жай күзгө, күз кышка дегендей. Анан мезгилдер алмашканда жанагы «грипп» бизче «сасык тумоо» деген күч алат да. Мына ушул учурда Өкмөттүн Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди ойлоп эле кыйналмай. Анткени, төбөсүнө күн же жаан, кардын саркындысы өтүп кетсе «састымоо» болуп кала турган адам. Ар качан жан-жөкөрлөрүнө кол чатыр көтөрттүрүп алмай адаты бар. Бирок, анын тарапташтары Таалайбек мырзаны абдан жөнөкөй, карапайым адам катары сыпаттап келишет. Болсун, андай мыкты сапаттар ар кимде эле боло бербейт да. Бирок, биз билген Сарыбашев башкача адам, ал «ханский замашкаларды» сүйгөн, кол алдындагыларды Султан Сулеймандын «гареминдегидей» башкарган адам. Эң башкысы колунан иш келбей туруп эле ар нерсеге «кыялданып», ар кимге асылып, өзүн эрте эле падыша да сезип алганы бар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ