Menu

Жээнбеков Путин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Путин эки өлкөнүн товар алмашуусу 32% көбөйгөнүн, азык-түлүк өндүрүмдөрүн ташуу эки эсе арбыганын белгиледи.

– Сиз президент катары алгачкы иш сапарыңызда Орусияга келдиңиз. Биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилени өнүктүрүү, эл аралык уюмдар менен бирге иштешүү боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биринчи сапарыңызда Орусияга келгениңизге кубанычтамын, – деди Путин.

Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары иш сапарын адегенде Орусиядан баштаганын символикалуу экенин белгиледи:​

– Алгачкы сапарымда Москвага барганым мен үчүн терең символикалуу. Бул ушундай болушу керек болчу. Мен адегенде Москвада болушум керек эле. Бул биз, Кыргыз Республикасы биздин мамилебизди жана стратегиялык өнөктөштүгүбүздү бекемдөө ниети күч экенин көрсөтөт.

Жолугушуунун соңунда Жээнбеков Путинге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

“Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана биримдикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн” Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка экс-президент Алмазбек Атамбаев 22-ноябрда кол койгон.

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын чакыруусу менен Москвага бүгүн барды. 30-ноябрда Беларуска барып Минскте өтө турган ЖККУнун мааракелик сессиясына катышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: