Menu

Чолпонбек Абыкеев: «Канат Исаевге байланышкан иш саясый жомок»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү саясатчы, Канат Исаев “Бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” — ​деген сыяктуу бир катар оор беренелер менен УКМКга камакка алынгандан кийин катарында УКМКнын экс.төрагасы, генарал К. Дүйшөбаев, бир катар мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген белгилүү коомдук ишмер М. Абылов, белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Ч. Абыкеев сыяктуулар турган “К. Исаевди коргоо комитети” түзүлгөн эле. Бүгүнкү күндө коргоо комитети эмне иштерди жүргүзүүдө, билүү максатында комиттеттин мүчөсү Ч. Абыкеевге кайрылдык.

— Депутат К. Исаевди коргоо комитети түзүлүп бир катар пресс-конференцияларды өткөрдү. Негизи эле бүгүнкү күндө комитет эмне иштерди жүргүзүүдө?

— Сурооңдун түпкү маңызын түшүнүп турам. “Комитет пресс-конференция өткөзүү менен эле чектелип калдыбы?” — ​дегиң келип турат. Канат Исаевдин ишине “Өтө жашыруун” деген макам (грив) коюлгандыгы комитеттин ачык иштешине тоскоол болууда. К. Исаевди күнөөлөп УКМК койгон бүт далилдер менен таанышууга мүмкүн болбой жатат. Коргоочу адвокаттарынан да ишти ачыктабоого кол койдуруп алышкан. Ошондуктан бизде да коомчулукка иштин жүрүшү тууралуу толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болбой турат. Ошого карабастан комитет өз ишин жүргүзүүдө. Колубузда толук маалымат жок болсо да бир катар юристтер менен жолугушуп К. Исаевге коюлуп жаткан күнөө боюнча укуктук экспертиза өткөзгөнгө аракет кылдык. Ачыгын айтуу керек, эки адамдын телефон менен сүлөшүп атканын далил катары кармап ЖК депутатын камап коюш туура эмес экендиги жөнүндө бүт укук таануучулар айтышууда. “Өтө жашыруун” — ​деп коюп мамлекеттик телеканалдар аркылуу тынымсыз көрсөтүлгөн кылмыш чөйрөсүндөгү эки адамдын сүйлөшүүсүндө К. Исаевдин үнү жок. Бир да жерден Канаттын үнүн укпайсың. Өзүңүздөр билесиздер. К. Исаев өзү да Президенттикке талапкерлигин коюп шайлоо штабын ачып кол чогулттурган. Кол чогултуучуларды, агитаторлорду келишим менен иштеткен. Тасмага тартылган акча ошол кол чогултуучуларга же агитаторлорго берилген эмгек акы болуш керек. Мыйзамдуу иш болгондуктан Канат Исаевдин үнү өчүрүлүп салынганы көрүнүп турат.

— К. Исаев менен адвокаттары тоскоолдуксуз эле жолугушуп жатышабы? Адвокаттары да жолуга албай жатыптыр деген сөз чыгып кетти эле.

— Азыр адвокаттарынын жолугушууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Жаңы камакка алышканда, андан кийин Президенттикке шайлоо астында бир катар чектөөлөр болгону чындык. Шайлоо тынч өткөндөн кийин тоскоолдуктар жумшарды десек туура болот го.

— Сиздердин комитет К. Исаевди үй камагына чыгаруу талабын койдуңуздар эле. Жооп ала алдыңыздарбы?

— Азырынча жооп ала элекпиз. Шайлоо буюрса тынч өттү. Эч кандай деле коомдук толкундоолор болгон жок. Эми биздин кайрылууга жооп болоор деген үмүттөбүз. К. Исаевге байланышкан иш ачык эле саясый кызыкчылыктан ойлоп чыгарылган “жомок” экени сокурга деле көрүнүп турбайбы. Бийлик да акылына келип К. Исаевди актап, ишти жабат го деп турабыз.

— Мындан аркы иш аракетиңиздер кандай болот?

— Комитеттин мүчөлөрү “Сарбагыш Тагай бий уулу” коомдук бирикмеси менен биргеликте бир катар иш чараларды белгилөөдө. Эл аралап ар кандай жолугушууларды өткөрөлү деп атабыз. Өзгөчө К. Исаев депутат болуп шайланган, ага чейин да бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеген Чүй-Токмоктун айылдарында, Кеминде, Кочкордо, Нарында эл менен жолугушууларды өткөзүү каралууда.

Балким “Сарбагыш Тагай бий уулу” коомдук бирикмесинин кезектеги курултайын чакырышыбыз да мүмкүн. Аталган коомдун ордо кеңеши, аксакалдар кеңеши менен акылдашуулар жүрүүдө. Эгер курултай чакырылса күн тартибиндеги маселелердин бири катары “К. Исаевдин укугун коргоо” да коюлмакчы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: