Президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башысы болуп төбөсү жалаң чырдуу иштерден көрүнүп, сот тармагында башаламандык жаратып, саясий буйруктарды аткаргандыгынан улам коомчулуктун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын сын-пикирлеринен кийин президенттин аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматынан алынган Манас Арабаевдин ордуна 37 жаштагы Санжар Исабаев келди. Ал юстициянын III класстагы кеңешчиси, 2005-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку сотто улук референт, улук консультант, бөлүм башчы жана Жогорку соттун төрайымынын жардамчысы болуп иштеген.
2015- жылы Президенттин аппаратында, азыр өзү жетектөөгө келген бөлүмдө иштеп кеткен. 2016- жылдын апрелинен тарта Бишкек шаардык сотунда судья болуп иштеп келген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ