Menu

Индира Жолдубаева Исаевдин ишин эстеди

Бөлүшүү:

Башкы прокуратура Президенттин жеке өзүнө жакпаган саясатчыларды тизгиндөөгө батыл киришип, аларга оңду-солду айып тагууну адатка айлантууда. Мунун аркасы менен мыйзамдуу, мыйзамсыз, далили бар, далили жок иштерди козгоп, эскилерин кайра “жаңыртып” жан алакетке түшүүдө. Бүгүн алардын бирине токтололу.

Жуманын башында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге козголгон коррупция боюнча кылмыш ишинин жаңыртылышында саясый жүз бар экенин парламентте айтып, анын бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты болгонун, айтылган фактыдан бери тогуз жыл өткөнүн эске салган. Канатбек Исаевдин жеке демилгеси менен Максим Бакиевдерге тиешелүү делген (Скрябина 45) жери участогу боюнча иликтөө жүрүп, анын депутаттык комиссияны жетектеши бул иштин кайрадан козголуп, улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилүүсүнө негиз болгондугун белгилеген.

Индира Жолдубаева бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын бетке кармап, маалымат бербей тургандыгын, бул эки ишти чаташтыруунун кереги жок экендигин айтты. Кызыгы, андан бир күн мурун улуттук стратегия тууралуу “бүтпөгөн жомокко” арналган жыйында Президент Алмазбек Атамбаев тергөөнүн купуялуулугу тууралуу айтып келип, андан ары мунун өзүнө тиешеси жокпу, айтор, Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча он адам күбө экенин “балп” этпеди беле? Же тергөөнүн купуялуулугу принциби президентке тиешелүү эмеспи.

Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иштин улуттук коопсуздук кызматына берилиши дагы бекеринен эмес. Баш-аягы жок кылмыш ишин “чампалай салуу” жагынан УКМКнын кесипкөй эмес (коопсуздук кызматында бир күн иштебесе кантип кесипкөй болот?) жетекчиси Абдил Сегизбаев алдына киши салбай турганын “Белизгейттен” даана көрсөтпөдү беле.

Биз билгенден, Канатбек Исаевге тиешелүү, Башкы прокуратура “жомок” кылып жобураган кылмыш ишинин документтерин тиркеп алып, Мээрбек Мискенбаев баш болгондор Президентке, мурдагы спикер Асылбек Жээнбековго чейин кайрылып жүрүшкөн. Былтыр бул тууралуу “Параграф” гезити жазып чыгып, Спикерге кайрылгандарга “акыйкатыңарды Башкы прокуратура кайрадан тапшырма алганча апаңардын сандыгына салып койгула” деп кеңеш берген эле. Гезиттин айтканы келип, быйыл бийликке каршы баш көтөргөнү үчүн Канатбек Исаевдин куйругуна баягы “калбырды” байлап коюшту. Башкы прокуратура Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп турганда ичип-жеген “фактыларын” тизмектеп алып, барбаган жери калган жок. Быйыл эмнегедир тынч. “Кете турган бийликтен эмнени күтөбүз?” деп чарчап калгандай. Ал эми Башкы прокуратура Чүй жана Жалал-Абад областтарынын бардык прокуратура органдарында  жумушчу топторду түзүп, анын аркасы менен негизсиз токтоп калган кылмыш иши катары Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин жандантыптыр. Башкы прокурор Индира Жолдубаева  минтип жымсалдабай эле, “Буйрук алдык эле” деп так кесе айтса болмок. Анткени, бул депутатка козголгон  Кылмыш кодексинин 303-беренеси(Коррупция) жети-сегиз жылдан бери сүйрөлүп жүргөнү белгилүү. Демек, Башкы прокуратура баш болуп, Президент керек деген учурда колдоно турган куралга айландырып алган. Бийликтин мындай куралы башынан бар экендиги белгилүү.

Айта кетүүчү жагдай, Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, кыскасы Президентти коррупция боюнча кош колдоп колдогондор оз милдетин так билбейт же кошоматтан улам билмексенге салышат. Болбосо коррупция менен экономикалык кылмыш дегендин айырмасын кантип эле билишпесин? Алмазбек Атамбаевге жакпаган саясатчылардын баарын эле “мокочо” кылып көрсөтүү үчүн, “коррупция менен күрөшүп жатабыз” деп ооз толтура айтыш үчүн экөөнү аралаштырып эле “жыргап” жатышат. Же Канат Исаевге козголгон кылмыш иши барларды кереги келгенде чыгарып коюп, кереги жок учурда катып коюп отурушат. Тармактын кадыр-баркы дегенди деле бир ойлонуп коюшса боло?

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: