Menu

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Бөлүшүү:

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Ага бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы колдоого алган Саломе Зурабишвили менен оппозициялык талапкер Григол Вашадзе катышууда.

28-октябрда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында, 25 талапкердин бири дагы 50 пайыздан ашык добуш ала албай, жеңүүчү аныкталган эмес. Анда Зурабишвили добуштардын 38,6 пайызына, Вашадзе 36,7 пайызына ээ болушкан.

Грузин БШКсынын маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат сегизде өлкөдө 3703, чет өлкөлөрдө 55 шайлоо тилкеси ачылды. Добуш берүүгө 1300 эл аралык байкоочу, 17 миңге жакын шайлоо субъектилеринин өкүлдөрү жана 48 миңден ашык жергиликтүү байкоочулар көз салышат.

Биринчи айлампадан айырмаланып, экинчисинде 50 пайыздык тосмо жок. Мында атаандашынан көбүрөөк добуш алган талапкер жеңүүчү болот.

Шайланган президенттин инаугурациясы 16-декабрда өтөт. Грузия Конституциясына ылайык, жаңы президенттин ант берүү жана кызматка киришүү салтанаты шайлоодон кийинки үчүнчү жекшембиде өтөт. Учурдагы мамлекет башчы Георгий Маргвелашвилинин ыйгарым укуктары шайланган президенттин инаугурациясынан кийин дароо токтотулат.

Бул мамлекет башчы экинчи айлампада шайланып жаткан өлкө тарыхындагы алгачкы учур. Бул жолу грузин жарандары бешинчи президент үчүн добуш берип жатышат, ал алты жылдык мөөнөткө шайланат. Кийинки мамлекет башчы парламент мүчөлөрү жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн турган 300 делегат тарабынан дайындалат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: