Menu

Нарында коронавирус ылаңынынан каза болгондордун арбагына багышталып Куран окулуп, мал союлуп, түлөө өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 10- июлда Нарын облустук мусулмандар казыяты тарабынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана ыймандуу, кайрымдуу инсандардын, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен элибиздин амандыгын, мамлекеттин тынчтыгын, ооруп жаткан мекендештерибиздин сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалынып түлөө өткөрүлдү. Бул тууралу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Түлөө Нарын шаарындагы Борбордук Азирети Али мечитинде өткөрүлүп, учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 ылаңынын күч алышынан улам каза болгон жарандардын арбагына багышталып Куран окулду.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемиядан улам жана Кыргызстандын аймагында күч алып жаткан оорудан оолак сактоо максатында өткөрүлгөн түлөөдө Нарын облустук мусулмандар казыятынын жалпы жамааты, имамдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Түлөөдө бир бодо мал союлуп, анын эти муктаж болгон үй-бүлөлөргө, тагыраагы 83 баштык эт таратылып берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: