Menu

Түркмөнстанда социалдык төлөмдөр менен пенсиялар пластик карталарга которула баштайт

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Социалдык камсыздандыруу кызматтарынын жергиликтүү бөлүмдөрү пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жана мамлекеттен жөлөкпул алган жарандарды 31-декабрга чейин банктарда эсеп ачууга чакырышууда.

Мындай жарыялар жергиликтүү акимчилик имараттарына жайгаштырылган. Анда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин төлөмдөр жалаң гана пластик карталарга которула баштай тургандыгы белгиленген. Өкмөт бул кадамын мамлекеттик төлөмдөрдү жакшыртуу жана пластик карталар аркылуу эсептешүүнү өнүктүрүү менен түшүндүрүп жатат.

Түркмөн серепчилери мындай талаптар өз алдынча шаар аралап жүрө албаган адамдардын жашоосун оорлотот деп эсептешүүдө.

Өлкөдө пенсиялар менен социалдык жөлөкпулдарды төлөм карталарына которуу пландары тууралуу алгачкы жолу 2016-жылдын соңунда айтылган. Акыркы төрт жылдан бери мамлекеттик кызматкерлер менен бюджетте иштеген жарандардын маяналары пластик карталарга которуу жолу менен төлөнүп келет.

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө банктар төлөм карталары менен эсептешүү жана карталардагы каражатты накталай акчага которуу операцияларын токтоткондугу, банкоматтардын санынын аздыгы жана алардагы акчанын түгөнүп калып жатканына байланышкан көйгөйлөр тууралуу бир канча жолу кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: