Мамдума шаршембиде ММКларды “чет элдик агентке” теңөө боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда бир добуштан кабыл алды. Үчүнчү окуу дагы бүгүн эле болот.
Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, чет мамлекеттерде катталган же каржыланган ММКлар чет элдик агент макамына ээ болот.
Ошол эле маалда “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын лидери Сергей Неверов жаңы мыйзам чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы орусиялык ММКларга тиешеси жок экенин баса белгиледи.
Кайсы басылмалар чет элдик агент катары катталарын Орусиянын Юстиция министрлиги чечерин күн мурун парламенттин төмөнкү палатасынын төрага орун басары Петр Толстой билдирген.
Орусиядагы чет өлкөлүк ММКлардын ишин чектөө жараяны – АКШда орусиялык RT телеканалынын чет өлкөлүк агент катары каттоо талабынан кийин башталган.
Вашингтон АКШдагы чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзам Орусияныкынан айырмаланып турарын жана басма сөз эркиндигине чектөө жок экенин билдирип келет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Томас Кенттин билдиришинче, «RT телеканалы өз программаларын АКШда кабелдик телеберүү аркылуу таратат, ал эми “Свобода” радиосу андай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ