Жалал-Абад шаарында жайгашкан массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери жапырт ишембиликке чыгып, шаардын тазалыгы үчүн өз салымдарын кошушту. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаардагы “Сентябрь”, Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын, областтык коомдук-саясий “Акыйкат” гезитинин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун эмгек жамааттары чогуу ишембиликке чыгышып, шаардын өнөр жай зонасында эч кимге карабаган аянттардагы таштандыларды чогултушуп, аны шаардын сыртындагы таштандыларды төгүүчү жайга жөнөтүштү.
-Биз шаардагы массалык маалымат каражаттарынын эмгек жамааттарына абдан ыраазыбыз, – дейт шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев. – Алар өз демилгелери менен шаардын тазалыгына өз салымдарын кошуп жатышат. Муну менен алар жаш муундарга, коомчулукка жакшы өрнөк көрсөтүштү. Өнөр жай зонасындагы эч кимге карабаган аянттардагы таштандыларга толгон участкалар эми таптаза болуп калды. Эгер башкалар да ушундай демилге менен аракет кылышса, шаар ойдогудай тазалыкка ээ болот.
Массалык маалымат каражаттарынын эмгек жамааттары мындай ишембиликти мындан ары да шаардын ар кайсы аймактарында уюштурмакчы болушууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ