Жумгал районунда кызды үйлөнүү максатында уурдап кетүү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, Чаек айылынын 2000-жылы туулган тургуну А.Н., уурдалган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 19-декабрь күнү саат 16:00 чамасында болгон. Урдалган кыз көчөдө болчу, ошол учурда Кара-Жээк аймагында унаа токтоп турган. Аны унаага түртүп Байзак айылына алып кетишкен.
Кыздын апасы алардын артынан жөнөгөн. Ал кызын кайтарып алууга жетишип калган. Бирок Байзак айылынын тургундары кайрадан алардын үйүнө келип, күтө башташкан. Кыздын туугандары арыз жазуу үчүн милицияга кайрылышкан. Бирок ал жакта, үй-бүлөгө жакын адамдардын айтымында, алар арызды көпкө чейин кабыл албай келишкен. Ал ММК өкүлдөрүнүн кийлигишүүсүнөн кийин гана кабыл алынган.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин экинчи тарап кыздын туугандарынан кечирим сурап келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ