Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Беларусиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси Виктор Денисенко менен жолукту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков  кечээ, 29-мартта, Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко менен анын өлкөдө анын дипломатиялык миссиясы бүткөндүгүнө байланыштуу жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Өкмөт башчысы Виктор Денисенкого Кыргызстанда жүргөндө жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана  кыргыз-беларусь кызматташтыгына жана  еразиялык интеграция алкагындагы  активдүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан эки өлкө ортосундагы саясий диалогду колдоого жана башка көп тармактуу кызматташууга зор маани берет», – деди  Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр элчиге иш учурунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын иши жана эки өлкө ортосунда бул багытта байланышты бекемдөө милдети жүктөлгөнүн баса белгиледи. Ал бул багытта Виктор Денисенконун аткарган иштери тууралуу билдирди.

Элчи Виктор Денисенко анын кызматтык учурунда негизги миссиясы эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдоо болгонун билдирди.

«Мен иштеп турган учурда Кыргызстанда өлкө экономикасы үчүн маанилүү болгон ишкана ачылаганы мени кубандырат. Беларусь Республикасы айыл чарба, траснпорт, билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар», – деди ал.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Виктор Денисенконун кийинки дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: