Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтында «Нооруз» майрамын майрамдоого арналган майрамдык иш чарага катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Ал кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз» майрамын майрамдоонун алкагында «Ала-Тоо» аянтында Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада аткаруучуларынын театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программасы тартууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ