Кыргызстандык спортчу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. 28-августта АКШнын Орландо шаарында 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнөлүк таймашы башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Алымбек уулу таймашка чыккан 59 килограммга чейинки салмакта 8 спортчу күч сынашып, биринчи орунду Тайбэйдин өкүлү Лин Йи Чун алды. Штанганы отуруп, желкеге коюп көтөрүү ыкмасынан Лин Йи Чун менен Акжол 265 килограмм салмакты көтөрүп, экөө тең Азия рекордун жаңылашты. Штанганы жатып түртүү көнүгүүсүндө Акжол 162,5 кг багындырса, Тайбэй спортчусу 172,5 кг менен 10 кг алдыга чыкты. Штанганы жерден тартып көтөрүү түрүнөн эки аракетте 240,6 кг жана 252,5 кг салмакты эки лидер бирдей көтөрүп, тең келе жатышкан. Үчүнчү аракетте Лин Йи Чун 263,0 кг салмакты так көтөрүп дүйнө чемпиону болсо, Акжол 273,5 кг салмакты багындыра албай, экинчи орунду алып калды. Жыйынтыгында Акжол балбаныбыз күмүш медалга ээ болду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ