Menu

COVID-19 күчөп жаткан Жалал-Абадда 300 кишилик той өткөрүлгөн

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда жети ресторан электр жарыгынан ажыратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 30-сентябрда Жалал-Абад шаарында массалык иш-чараларга каршы рейд жүргөн. Рейддин жүрүшүндө 300 киши катышкан той болуп жатканы белгилүү болгон.

Бул мекемелер электр жарыгынан ажыратылган. Мекемелердин биринде мыйзам бузуу биринчи жолу катталбагандыктан, ага карата кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда эпидемиялык абал кооптуу бойдон калууда. Акыркы жумаларда Жалал-Абад, ошондой эле Ош жана Баткен облустары коронавирустук инфекциялардын статистикасы боюнча алдыңкы орундарды ээлешти. Бүгүн эле Жалал-Абадда коронавирустун 23 жаңы учуру катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: