Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев приватташтырган заводдорун ошондо эле участок кылып, металлолом кылып сатып жиберген, “Кыргызавтомаш” заводунда Максим Бакиевдин кайнатасы акционер”

Бөлүшүү:

“2007-жылы Лукашенко Кыргызстанга келгенде Бакиев Лукашенкону түз эле “Кыргызавтомаш-радиатор” заводуна алып барат. “Беларусиядан чыккан машина-тракторлорго ушул жерден түз эле радиатор жасап беребиз” деп заводго заказ алып берет. Ошондо мен ойлогом “Атамбаев оппозицияда болсо Бакиев эмнеге ага заказ алып берип жатат” деп. “Бир тууган балаңа да андай жакшылык кылбайсың” деп. Көрсө ошол 2007-жылы эле “Автомаш-радиатор” заводу Атамбаевге тиешеси жок болуп калган экен”, – деп билдирди бүгүн, 31-январда маалымат жыйын өткөргөн Өмүрбек Текебаев.

“Эгер акционер Черных болсо эмне, Бакиев Черныхга жакшылык кылмак беле? Кыргыз элине жакшылык кылбаган.  Балким ал заводдогу Максим Бакиевдин кызыкчылыгы Ким-Сим дегендерге, Гладышевдерге, башкаларга каттап коюп жүргөн да. Ошол заводдо Максим Бакиевдин кызыкчылыгы болгондур. Болбосо анын атасы Лукашенкону ал заводго эмнеге жетелеп бармак эле. Менин шегим, эгер журналисттер ошол заводду казып көрсөңөр, ал жерден Максим Бакиевдин өнөктөштөрү чыгат. Менин ушул акыркы айтып жаткан суроо-талаптарымды Атамбаев официалдуу деп билсин. Кагаз жүзүндө да жазып депутаттык суроо-талап катары берем.  Салык инспекциясына кайрылып, Атамбаевдин акыркы 10 жылда төлөгөн салыктарынын тизмесин бергиле деп расмий кайрылдым. Соцфондго кайрылып, Атамбаевге тиешелүү кампаниялар жылына Соцфондго канча соцтөлөмдөрдү төлөгөнүн бергиле деп расмий талап кылдым. Баалуу кагаздар департаментине кайрылып, Атамбаевге тиешелүү делип жүргөн фирмалардын акционерлери кимдер деген суроону берип, жообун алдык. Ал ишканаларда Атамбаев акционер эмес экен. Атамбаевдин заводу делген бир заводдо Максим Бакиевдин кайнатасы акционер экен. Ал заводдорду Атамбаевдики деп жүрсөк Максим Бакиевдин жакын туугандары акционер болуп чыкты.Ошентип Атамбаевдин “бизнесинин” сыры ачыла турган болуп калды. Көп байлыктары 2010-жылдан кийин пайда болуптур. “Кудай берди” дегени ошол экен. “Кудай берди” деген сөз “иштебей эле жамбаштап жатсам өзү келип калды“ дегенди түшүндүрөт да. Иш кылбай эле өзү келип калган байлыкты “Кудай берди!” дейт.  Мен ага “кудай кандай бергенин” далилдеп берем”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: