Билим берүү жана илим министрлиги “Бирдиктүү терезе” системасында документтерди берүүнү киргизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун “региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жарлыгын ишке ашыруу максатта “Бирдиктүү терезе” системасы” аркылуу кызматтарды киргизүүдө. “Бирдиктүү терезе” системасы пилоттук негизде Баткен, Каракол, Нарын шаардык БББдө уюштурулат. Бул система 2020-жылдын 1-февралынан баштап баардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө киргизилиши керек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ