Бүгүн, 28-январь күнү Равшан Жээнбековдун адвокаты жана анын тарапташтары пресс-конференция уюштурушту. Жыйынды уюштургандар Равшан Жээнбеков ак жеринен кармалып, саясий куугунтукка кабылганын айтышты.
Жыйында коомдук ишмер Манас Султанов “Саруу”, “Кытай”, “Кушчу”, жана “Дөбөй” коомдук бирикмелери ИИМдин тергөө кызматына жана Башкыпрокуратурага сураныч каты менен кайрылышканын айтты.
Ал катта Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу маселеси каралган.
“Равшан Жээнбеков тергөө ишине тоскоолдук жараткан жок. Жоопкерчиликтен качууну көздөгөн жок. Жогоруда аталган төрт бирикменин кепилдиги астында Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууну сурандык” – деп билдирди Манас Султанов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ