Menu

БШК эки партиянын өкүлдөрүн добуштарды сатып алууга аракет кылган деп айыптады

Бөлүшүү:

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунун Караколдогу кичи райондордун биринин жашоочулары үчүн “Кыргызстан” саясий партиясы уюштурган кайрымдуулук иш-чарасынан алынган сүрөттөр жана видеотасмалар таркатылгандыгы жөнүндө маалымат алышты.

Видеодо жайылган дастарконго жарандар келип жатканы көрсөтүлөт. “Кыргызстан” саясий партиясынин логотиби бар жеклекти кармаган агитаторлор тургундарды дасторкон үстүндө сыйлашат. Дасторкондо негизинен аймактын улуу муунунун өкүлдөрү отурушат. Маалымат Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Тергөө иштери башталды.

Мындан тышкары, ИИМге “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлү тарабынан Аламүдүн-1 кичи районундагы балдар аянтчасынын курулушу боюнча материалдар келип түшкөн. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен болгон жолугушууда агитаторлор: эң негизгиси балдар аянтчасын тез арада куруп, шайлоочулардын башка өтүнүчтөрүн аткаруу керектигин, ошондо алар саясий партияга добуш берүүгө даяр болгондордун тизмесин даярдоону көздөшкөндүгү такталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобунун мүчөлөрү бул билдирүүнү добуштарды сатып алуу аракети катары баалашты.

Кыргызстанда шайлоочуларга пара берүү фактысы боюнча 40 иш козголгон. Административдик ресурстарды колдонуу боюнча 11 иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 96 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: