15-16-ноябрда Бишкекке Казакстандан Сакен Сейфуллин атындагы Караганда облустук казак драма театры атайын эки күндүк гастроль менен келет. Бул тууралуу актер Курманбек Ниязбеков бүгүн, 3-ноябрда билдирди.
Анын айтымында, Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын сахнасында казак боордоштор кыргызстандык театр сүйүүчүлөрү үчүн спектаклдерди тартууламакчы. Алар 15-ноябрда Рахымжан Оторбаевдин “Фариза менен Мукагали” спектаклин, 16-ноябрда Роза Муканованын “Эч ким күнөөлүү эмес” аттуу спектаклин коюшмакчы. Билет баасы 200 сом.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ