Menu

Клара Кабилова Салянованын ордуна депутат болуп келет

Бөлүшүү:

Парламентке Аида Салянованын ордуна БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова де­путат болуп келет. «Ата Мекен» фракциясынан билдиришкендей, партиянын кийинки тизмесинде 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин ысымын өзгөрткөн Клара Кабилова – Гүлнара-Клара Самат турат. Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Мак­сим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган. Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Мыйзам боюнча шаардык соттун чечиминен кийин эл өкүлүнүн ман­даты алынат. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе жакын арада караларын билдирди.

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: