Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери салык инспекциясы жана санэпидстанция өкүлдөрү менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шаар аймагындагы соода түйүндөрү, базарлар, чакан дүкөндөр, банктар, сулуулук салондору көзөмөлгө алынып, бул жайларда эмгектенген жарандарга оорунун алдын алуу үчүн сактануу зарылдыгы айтылган.
Ошондой эле, коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалдары текшерүүгө алынып, кемчиликтерди жоюу талаптары коюлган.
Ашканаларда жарандар ортосундагы аралыкты сактоо жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо керектиги эскертилген.
Милиция кызматкерлери жугуштуу илдеттин алдын алууда ар бир жаран этият болуп, тиешелүү медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө чакырышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ