Menu

Түркмөнстан Ички иштер министрлиги мал чарбачылыгы менен алектенет

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 16-ноябрда ИИМдин алдындагы мал чарба комплексинин ачылыш аземине катышты.

Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, мал чарба комплекси ИИМдин керектөөлөрүн камсыздоого жол ачат. Ал эми ашып калган эт-сүт азыктарын ички базарларда сатууну пландашууда. Бул башка аскерий жана укук коргоо түзүмдөрүнө үлгү болчу алгачкы ири долбоор.

Фермада ири мүйүздү жана майда жандыктар, төө, коён, күрп, тоок багышат.

Ошол эле жерде ИИМдин кызматкерлери үчүн аскер формаларын даярдай турган тигүү цехи иштейт.

Ачылыш аземде ИИМдин өздүк курамынын атынан президент Бердымухамедовго Адылхан аттуу ахалтекин жылкысы тартууга берилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: