Menu

“Эгемен” элиргенде

Бөлүшүү:
Айрым кесиптештер бар. Көрөйүн десең көчүгү кууш экени сезилет, бирок көздөн далдоо жүрүшөт. Ар кайсы “ыпыр-сыпыр аталыштар” менен коомду сасыткылары келишкеничи? Мындайлардын өмүрү кыска, жүзү жок. “Мен бармын, жокмун” деген эски кинодогу куник Тулаттай эле бактысыздар… Көрсө, былгытмалар күндү карай алышпайт тура…
“Жаман иттин аты Бөрүбасар” дегендей, “Эгемен” деген неме ырылдап эле ыгы келсе да, келбесе да кайдагы бир көрпенделик кызыкчылыктар менен баткак чачыратуу жагынан кынык алыптыр. Бу сайттын жетекчилиги ким экени “белгисиз”. Чагымчылык чыккан жерде гана кожоюндугун же авторлугун көрсөтө албасы айкын далил. Караңгы жерде отургандай эле жамынып, чүмкөнүп алып жазат. Аныгында бийликтин оппоненттерин поктосо, эми ал жагына моокуму канбай калып, жакында башкы редакторубуз, “Азия Ньюстун” негиздөөчүсү Асланбек Сартбаевге суу кечпеген сөздөр менен ыксыз эле тийишип, далбас уруптур. Биздин гезитти коомчулук жакшы билет, ар тараптуу маалыматтарды калыстык маанайында чагылдырууга басым жасайбыз. Мындайча айтканда, бийлик-оппозициянын тирешине адилеттүү баа берип, кара кылды как жаруу баарынын эле колунан келе бербесе керек. Демократиянын кичинекей болсо да учкунун чачыратууга багыт алганыбыз анык да. Ал эми “кырчаңгы эшектей” “Эгемен” биздин бутубузга чырмооктой оролууга ашыкканы итиркейди гана келтирет. Бу сайт бийликтеги бир инсандын атына көлөкө түшүрө баштады, бизде жетиштүү маалыматтар бар… Кыскасы, көөдөнү сокур, “белгисиз” жазмакер эдиреңдей берсе, эртеңки күнү кантет? Бу дүйнөнүкү тиги дүйнөгө кетпейт эй… Тек гана эскертүү бердик!
Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: